Трамп Иранга соккулар токтогонун, сүйлөшүү 3-августта болорун билдирди

Дональд Трамп Air Force One учагында 2-августта журналисттерге маалымат берип

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы "жапырт соккулар" токтогондон кийин тараптардын сүйлөшүүлөрү 3-августта башталарын айтты.

Трамп Air Force One учагында 2-августта журналисттерге маалымат берип жатып: "Биз алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алар эртең түштөн кийин башталат", - деди.

Буга чейин Трамп Truth Social социалдык тармагында Иран жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрү келишимдин "негизги шарттары" буга чейин макулдашылгандыктан, кандайдыр бир чабуулдан карманып турууну суранышканын жазган.

Иран азырынча Трамптын билдирүүлөрүнө жооп бере элек. АКШ президенти буга чейин да жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга жакындап калганын бир нече жолу айткан, бирок андан кийин соккулар уланган.

Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Тегеран менен келишим качан түзүлөрү тууралуу так мөөнөт айткан жок.

"Көрөбүз, баары кандай өнүгөрүн. Биз кайсы учур болбосун аракет көрүүгө даярбыз. Мен киши канына забын болгум келбейт", - деп билдирди.

Трамп ошондой эле Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман жана АКШнын өнөктөштөрү - БАЭ менен Катар аны дем алыш күндөрү соккулардан баш тартууга чакырышканын айтты.

"Биз сүйлөшүүлөргө даяр болчубуз. Алардын өтүнүчүнүн себеби, алар келишим түзүлүп калды деп эсептешет. Ормуз кысыгы боюнча келишим түзүлгөн, эми өзөктүк программа боюнча келишим түзүлөт", — деди Трамп.

Анын билдирүүсүнөн кийин Азияда мунайдын дүйнөүк баасы арзандай түштү. Brent үлгүсүндөгү мунай 4,5% же 83,98 долларга арзандады. Ал эми америкалык базардагы мунай 4,6% же 80,74 долларга ылдыйлады.

Дагы караңыз

Милиция Бишкекте көчөдө ток уруп каза болгон баланын окуясы боюнча иш козгодуАКШ Кыргызстандын жарандарына виза үчүн күрөөнү 20 миң долларга чейин көтөрдү