Иранда "Израилдин пайдасына тыңчылык кылган" деген айып менен эки киши дарга асылды. Сот системасынын "Мизан" кабар агенттиги кабарлагандай, Омид Бехзад жана Пуриа Сафваттын өкүмү 3-августта эртең менен ишке ашырылды.
Агенттик алар былтыр июнда жана быйыл 28-февралда башталган жаңжалда Израилдин чалгын кызматына – Моссадга максатына жетүү үчүн “чоң жардам бергенин” жазды. Иран ал куралдуу жаңжалды 12 күндүк согуш деп атайт.
Агенттик Бехзад менен Сафват “Моссаддын кызматкерлерине жана чалгынчылар менен байланыштагы адамдарга аскердик жана коопсуздук объектилеринин координаттарын, сүрөттөрүн, башка маалымат жөнөтүп турган” деп айыпталганын билдирди.
Маалыматка караганда, Ислам революциясынын сакчылар корпусу экөөнү чет өлкөлүк медиа, айрым жаңылыктар каналдарынан жана видеолордон аныктаган.
Укук коргоочу топтор Ирандын бийлигин күнөөнү моюнга алдырыш үчүн кыйноолорду колдонгону үчүн айыптады.
"Мизан" Бехзад "Google Maps өңдүү тиркемелерди колдонгонун моюнга алды" деп жазды.
Ал эми Сафват “Моссад менен түздөн-түз кызматташканы үчүн” айыпталганы менен анын далилдери көрсөтүлгөн жок.
АКШ жана Израил менен согуш башталган 28-февралдан бери Иранда соттун өкүмү менен дарга асуу көбөйдү. Укук коргоочу уюмдар аларды саясий туткун деп эсептейт. Арасында өкмөткө каршы демонстрацияларга катышкандар, тыюу салынган уюмдардын мүчөлөрү, тыңчылык кылган делгендер бар.
Кээ бир укук коргоочу топтордун маалыматына ылайык, уруш башталгандан бери коопсуздукка шек келтирген деп же саясий жүйө менен кармалган 50дөн ашуун киши өлүм жазасына тартылган. Башка уюмдар дарга асылгандар мындан көп деп айтышат.
27-июлдагы билдирүүсүндө БУУнун эксперттери соттун өкүмү менен адамды өмүрүнөн ажыратуу аркылуу Ислам жумурияты “коомдо коркуу сезимин жайылтууну, митинг-демонстрацияларды алдын алууну, башкача көз караштагы кишилердин оозун жабууну” көздөгөнү үчүн күнөөлөдү.
Соңку такталган маалыматтарга караганда, үстүбүздөгү жылы Иранда 433 киши дарга асылды, көбү январдагы каршылык акцияларына байланыштуу айыпталгандар. Жапырт демонстрациялар маалында миңдеген киши коопсуздук күчтөрүнүн колунан каза тапкан, он миңдегени кармалган.
Укук коргоочулар жана эл аралык байкоочулар Ирандагы соттордун адилеттүүлүгү суроо жаратарына, күнөөнү күчкө салып моюнга алдырышарына, укук процедуралары бузулганына камтама болууда.