Элүү өлкө негизинен Африка, Түштүк-Чыгыш Азия, Латын Америкасы жана Борбор Азия мамлекеттеринен турат. Бул программа буга чейин пилоттук режимде иштеп, Кыргызстан ага 21-январда киргизилген болчу.
Мамлекеттик департаменттин сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, күрөө төлөө программасы АКШга убактылуу иш сапар (B-1) же туристтик, эс алуу жана туугандарга жолугуу максатында (B-2) баргысы келгендерге тийиштүү болот.
Ал тизмеге Кыргызстан ушул жылдын январь айында кошулуп, кыргыз жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар визасы) визаларын алуу үчүн арыз тапшырып, жарактуу деп табылса 5, 10 же 15 миң доллар өлчөмүндө күрөө (visa bond) төлөөгө милдеттүү болгон. Күрөөнүн көлөмүн маектин жүрүшүндө консул аныктайт. Эми күрөө 20 миң долларга чейин көтөрүлдү.
Күрөө төлөп, виза алгандар АКШга үч гана аэропорт аркылуу кирип-чыга алат. Алар Бостондогу Логан эл аралык аэропорту, Нью-Йорктогу Жон Ф. Кеннеди эл аралык аэропорту жана Вашингтондогу Даллас эл аралык аэропорту.
Миграция боюнча эксперт Гүлнара Дербишева күрөөнү кайтаруу механизми чийки иштелгенине көңүл буруп, койгон акчасын кайтара албаган кесиптешинин мисалын айтып берди.
“Май айында Нью-Йоркко Бириккен Улуттар Уюмунун миграция боюнча форумуна барып катыштык. Менин 5 жылдык визам бар эле, анын дагы эки жылдык мөөнөтү калган болчу. Ал эми кесиптешимдин визасы жок болчу. Биз ал кесиптешиме виза алуу үчүн кайрылсак “10 миң доллар күрөө бересиңер” деп талап койгон. Биз бейөкмөт уюмда иштейбиз, ошол 10 миң долларды таба албай аябай кыйналганбыз. Эптеп акча тапсак, визаны үч айга, бир жолу гана киресиң деген шарт менен беришти. Ал кесиптешим майдын башында кирип, бир жумадан кийин АКШдан чыгып кеткенден бери койгон күрөөнү ала албай жатат. Анткени өтө кыйын болуп атат”.
Эгер виза ээси Америкадан уруксат берилген мөөнөттөн кеч калбай чыгып кетсе, визанын мөөнөтү бүткөнгө чейин АКШга таптакыр барбаса же чек арадан кирүүгө арыз берип, бирок уруксат ала албаса, күрөө автоматтык түрдө жокко чыгарылып, акча ээсине кайтарылат.
Ал эми виза ээси АКШда уруксат берилген мөөнөттөн ашык калып калса, өлкөдөн такыр чыкпай койсо же иммигрант эмес макамы менен жүрүп макамын өзгөртүүгө, анын ичинде башпаанек алууга арыз берсе төлөнгөн каражат кайтарылбай калышы мүмкүн.
Азырынча расмий Бишкек АКШнын соңку визалык чаралары тууралуу комментарий бере элек.
Бирок буга чейин Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШ тарап менен мындай өзгөртүүлөр талкууланып жатканын билдирген. Министр 15 миң доллар кыргызстандыктар үчүн көп сумма экенин белгилеп, бирок ошол эле учурда Кыргызстан АКШнын ички саясатына таасир эте албасын айткан.
"Бул чечим АКШ администрациясынын миграциялык саясатынын бир бөлүгү жана ал көптөгөн өлкөлөргө тиешелүү. Ошондуктан биз ага түздөн-түз таасир эте албайбыз, бул америкалык тараптын ички саясаты. Ушундай эле миграциялык саясатты биздин орусиялык өнөктөштөрүбүз да жүргүзүп жатышат, биз алар менен да сүйлөшүп жатабыз", - деген ал.
Андан бери Бишкек менен Вашингтондун ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кандай жыйынтык чыкканы белгисиз.
"АКШнын чектөөсү кайра каралышы керек"
Талдоочу Миржан Балыбаев АКШнын Кыргызстанга карата чечими негизсиз деп эсептейт жана буга Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин өз багытында жетишерлик иштебегени алып келгенин айтат.
“Бул жерде жөн эле мындай аймактык бир белгилерге карап гана ушундай тизме түзүп койду деген ойдомун. Ага кошумча, бул маселеде биздин Тышкы иштер министрлигибиз дагы ошону түшүндүрүп жетишерлик иш алып барган жок болуш керек. Бирок, экинчи жагынан айта турган болсок, Кыргызстандын жарандары бир-эки аябай чоң автокырсыкка кириптер болду го. Ошондой мисалдар да себеп болушу мүмкүн. Бирок андай окуялар үчүн бүтүндөй бир өлкөнүн жарандары – Америкага баруучу потенциалдуу кыргызстандыктар жапа чекпеши керек. Чынында эле бул кайрадан каралып чыгышы керек”.
АКШ 2025-жылдын август айында виза алуучулар үчүн пилоттук виза депозиттик программасын ишке киргизген. Ал 12 айга эсептелген жана туристтик (B-2) же ишкердик (B-1) визаларга тиешелүү болгон. Башында программа Малави жана Замбиянын жарандарына гана тиешелүү болгон, бирок АКШ 2026-жылдан баштап өлкөлөрдүн тизмесин кеңейткен.
Мындай чечим Ички коопсуздук министрлигинин 2024-жылдагы баяндамасындагы кайсы өлкөнүн жарандары визада көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча калганы боюнча жүргүзүлгөн көрсөткүчтөргө таянуу менен кабыл алынган.
Бул чара АКШ администрациясынын мыйзамдуу жана мыйзамсыз миграцияны кыскартууга багытталган кеңири стратегиясынын алкагында кабыл алынганы айтылган. Мамлекеттик департаменттин маалыматына ылайык, күрөө төлөтүү талабы туристтик же иш визасы менен келип, Америкада мөөнөтүнөн ашыкча калып кетүү учурларын алдын алуу максатын көздөйт.
Талдоочу Миржан Балыбаев расмий Бишкек тышкы саясатта конкреттүү натыйжаларга жетишүү жолуна түшпөсө курулай сөз менен салмагын арттыра албайт деген ишенимде:
“Бардык тармактар боюнча аракет жүргүзүш керек. Кыргызстандын делегациялары АКШга барган сайын, мисалы, соңку Бириккен Улуттар Уюмунун сессияларына барган сайын биздикилер айтып жатпайбы “Кыргызстандын эл аралык аброю өсүп жатат, баланча менен жолукту, түкүнчө менен жолукту” деп. Мына, ал андай сөз эмес, конкреттүү, реалдуу ушундай иштердин натыйжасында билинет - Кыргызстандын аброю, салмагы таасири өсүп жатабы же өскөн жокпу. Мына ушул АКШнын Кыргызстанга карата соңку визалык саясат боюнча чечими – бул таасын көрсөткүч”.
"Өкмөт аракеттенбесе мигранттын көйгөйү көбөйөт"
АКШнын Мамлекеттик департаментинин түшүндүрмөсүнө ылайык, тизмеге жарандары визалык режимди эң көп бузган өлкөлөр киргизилген. Күрөө коюу чарасы визаны мыйзамсыз колдонууну азайтуу жана АКШда жүрүү мөөнөтүн ашкере колдонбоо үчүн зарыл деп эсептелинет.
Башында күрөө коюу программасы пилоттук режимде иштеп баштаган – шартка карап 5 миңден 15 миң долларга чейин күрөө чегеришчү. Мындан ары 5 миң долларлык минималдуу босого көлөмү жокко чыгарылып, максималдуу сумма 20 миң долларга чейин көтөрүлдү. Мамдепартамент пилоттук режим ийгиликтүү болду деп эсептерин белгилеген.
Associated Press (AP) басылмасынын жазганына карасак, 2024-жылы тизмеге кирген өлкөлөрдүн жарандары АКШда жүрүү мөөнөтүн бузган 45,5 миң учур катталган. Ал эми күрөө коюу программасы пилоттук режимде иштеген 10 айда алардын саны 50гө жеткен эмес. Басылманын эсебинде, тизмедеги өлкөлөрдүн жарандарына берилген визанын саны да 83% азайган.
Миграция боюнча эксперт Гүлнара Дербишева мурда Мексика аркылуу кирген же туристтик виза менен барып калып калган мигранттар чындыгында көп болгонун эске алат. Ошол эле маалда АКШнын соңку чаралары океандын ары жагына карай ар кандай жолдорду издегендер ортомчулардын торуна карай агылышы ыктымал деп чочулайт:
“Мен өзүм сунуш катары айтып атам, Тышкы иштер министрлиги, Америкадагы элчилигибиз жакын арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек. Анткени бул, биринчиден, элибизди дагы эле насыя алууга түртөт. Экинчиден, виза сурагандардын 90% арызы четке кагылат (азыр эле 83-84% деп атышат). Үчүнчүдөн, биздин Орусиядан кайткан мигранттар эгерде диверсификация кылып, Америкага баралы деген кезде легалдуу эмес жолдорду издеп, ал дагы күчөйт. Башкача айтканда, АКШнын бул чечими тескери эффект берет”.
2025-жылдын ортосунда АКШ кыргыз жарандары үчүн виза мөөнөтүн кескин чектеген чечим кабыл алган болчу. Мурда 10 жылдык виза алып, ал мезгил ичинде көп жолу кирип-чыкканга укук алган кыргызстандыктар ошондон тарта эң узак дегенде үч айлык виза алып, АКШнын аймагына бир гана жолу кирет.
Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун чечими бир жактуу болгонун жана алдын ала эскертилбегенин билдирген.
Шерине