Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Таэквондо ГТФ федерациясынын вице-президенти Сардор Рахимшаиховдун билдирүүсү боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү кармалганын кабарлады.
Шаардык милициянын маалыматына ылайык, 4-августта Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына 25тен ашык адам кайрылып, С.Н. аттуу аял авиабилет алып берүү убадасы менен алардан акча алып, алдап кеткенин айтып арыз жазышкан.
Баштапкы эсеп боюнча келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы болжол менен 2 миллион 100 миң сомду түзөт. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 33 жаштагы С.Н. кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
4-августта социалдык тармактарда Сардор Рахимшаиховдун кайрылуусу чыккан. Анда ал таэквондо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Монголияда өтө турган Азия чемпионатына катышпай калуу коркунучунда турганын айткан. Сардор Рахимшаиховдун сөзү боюнча, шектүүгө акча которулганы менен ал авиабилеттерди алган эмес жана спортчулар уча албай калышкан.
Ушундан улам ал элге жана бийликке кайрылып, учакка билет алууга жардам берүүнү суранган.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги сөз болуп жаткан спортчулар улуттук курама команданын мүчөлөрү эмес экенин кабарлады. (BTo)