Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:06

Wildberries Казакстанда ири кампа комплекстерин куруп жатат

Wildberries компаниясынын Москвадагы кеңсеси. Архив.
Wildberries компаниясынын Москвадагы кеңсеси. Архив.

Орусиялык Wildberries маркетплейси Алматы жана Астанада жалпы аянты 260 миң чарчы метрди түзгөн ири кампа комплекстерин куруп жатат. Бул тууралуу 4-августта Казакстандын соода жана интеграция министри Арман Шаккалиев билдирди.

Министр белгилегендей, сөз болгон долбоорлор тууралуу бир нече жыл мурун эле айтылып келген жана Орусиядагы кампаларга болуп жаткан соңку соккуларга тиешеси жок.

Алматыдагы 170 миң чарчы метрлик логистикалык борбор эмки жылдын биринчи кварталында ишке кирет деп күтүлүүдө. Астанадагы кампа дээрлик 100 чарчы метр аянтта курулуп жатат.

Учурда Wildberries Казакстанда 46 миң чарчы метр кампаларды ижарага алган. Курулуштар аяктагандан кийин компания өзүнүн логистикалык инфраструктурасын кеңейтмекчи.

Буга чейин бир катар маалымат каражаттары Wildberries казак жергесинде кошумча кампаларды издеп жатканын жазышкан. Бирок Соода жана интеграция министрлиги компаниядан расмий кайрылуу түшпөгөнүн жана сунуш болсо өлкөнүн мыйзамдарына жана кызыкчылыктарына жараша караларын билдирген.

Украина Wildberries кош максаттагы товарларды сатат деп айыптоодо. Эки жумадан бери маркетплейстин кампаларына дээрлик күн сайын сокку урулуп келет.

Бир нече чабуулдан кийин алардын сайтынан “Атайын аскердик операция үчүн” деген баракчасы алынды. Орусия кошунасына каршы согушту атайын операция деп атайт.


Шерине

XS
SM
MD
LG