Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:48

Геленжикте пляжга кулаган дрондон каза тапкандар жети кишиге жетти

Окуя болгон учур. Социалдык түйүндөрдө тараган видеодон кадр.
Окуя болгон учур. Социалдык түйүндөрдө тараган видеодон кадр.

Орусиянын Краснодар крайында Геленжик шаарына жакын жерге дрон кулаганда каза тапкандар 7 кишиге жеткенин, арасында балдар болгонун дүйшөмбүдө ТАСС агенттиги оперативдүү штабга шилтеме менен кабарлады. Буга чейин төрт киши набыт болгону айтылган.

Губернатор Вениамин Кондратьевдин айтымында, 40тай киши жабыркады. Шаар бийлиги кийинчерээк 47 киши жаракат алганын билдирди. Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 17 киши ооруканаларга жеткирилди.

Astra басылмасы жарыялаган видео жана сүрөттөрдөн учак түрүндөгү дрон эс алуучулар кымгуут түшкөн пляжга кулаганы көрүнүп, ок атуунун добушу угулуп турат. Басылма ал добушту абадан коргонуу системасынын иши деп сүрөттөдү.

"Агентство" Conflict Intelligence Team иликтөө долбоорунун адисине шилтеме менен жазганына караганда, пилотсуз учакты атып түшүрүшкөн болушу мүмкүн.

Губернатор Украинаны “аскердик инфраструктурага тиешеси жок тынч элге сокку урганы үчүн” айыптады.

Киев бул маалыматка байланыштуу комментарий жасаган жок.

Жергиликтүү тургундар жана туристтер соцтармактардагы постторунда пилотсуз учактын чабуулу алдында эч кандай эскертүү берилбегени, пляждагы кишилерге эвакуация болуу тууралуу көрсөтмөсү түшпөгөнүн айтышат.

"Пост" Телеграм каналы күбөлөргө таянып эки дрон учуп келгенин, бирөөнү атып түшүрүшкөнүн маалымдады. Бирок бул кабар расмий бышыкталган жок. Видеолордо бир эле аппарат көрүнүп турат.

Өз кезегинде Орусия 4-августта Украинанын жер-жерине соккуларын улантты.


Шерине

XS
SM
MD
LG