Ош шаардык ички иштер башкармалыгы “Ош-Тазалык” муниципалдык кызматынын жумушчусу, 63 жаштагы Карачач Үкүевага кол көтөргөн аял аныкталып, Ак-Буура милиция бөлүмүнө жеткирилгенин кабарлады.
Ал Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунун 34 жаштагы тургуну экени, ушул тапта эч жерде иштебей турганы такталган. Ошондой эле окуя болгон күнү курбусу менен алкоголдук ичимдик ичип чыккандыгын, мас болгондуктан “Ош-Тазалыктын” кызматкери менен болгон чыр эсинде жок экенин айткан.
Окуя 1-августтун таңында болгон. Социалдык тармактарда тараган видеодо “Ош-Тазалыктын” кызматкери менен дагы бир аял жаңжалдашып жатканын көрүүгө болот. Карачач Үкүевага ал иштеп жатканда тааныбаган эле аял келип, ичке тепкенин айтып милицияга арыз жазган. (BTo)
Шерине