Үркүндү эскерүү: Кадыр мерген кантип жол тоскон?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Августтун биринчи аптасында Кыргызстан Үркүн курмандыктарын эскерет. Мындан 110 жыл илгери - 1916-жылы жайында Борбор Азиянын айрым жерлеринде 19 жаштан 43 жашка чейинки эркектерди оорук ишине тартуу боюнча Орус падышалыгынын жарлыгынан кийин көтөрүлүш башталган. Көтөрүлүш Орусиянын оторчул аскерлери тарабынан ырайымсыздык менен басылып, кыргыз менен казактардын жазалоочу аскерлерден кырылганы кырылып, аман калганы Кытайга жер оодарып кетүүгө аргасыз болгон. Бир кылымдан ашык убакыт өтсө дагы айрыкча кыргыздардын эс тутумуна бул кандуу окуя терең из калтырып кетти. Ошондон улам Борбор Азиянын бшка өлкөлөрүнөн айырмаланып кыргыздар 1916-жылдагы көтөрүлүштү өзгөчө эскерип, сезимталдык менен мамиле кылат.