Орусиянын бийлиги Батыш өлкөлөрүндө экологиялык талаптарга жооп бербейт жана адамдын ден соолугуна кооптуу деп табылган Евро-2, Евро-3 жана Евро-4 стандартындагы бензинди импорттоого жана сатууга уруксатты 2027-жылдын июлуна чейин жандантты. Өлкөнүн Энергетика министрлиги бул чара убактылуу экенин жана күйүүчү май рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн кабыл алынганын билдирген.
Евро-2 стандартындагы бензин Европада 1995-жылдан 2000-жылга чейин колдонулуп, кийин экологиялык талаптардан улам өндүрүштөн алынган. Орусияда аны колдонууга 2013-жылы толук тыюу салынган.
Бийлик заводдорго курамында күкүрттүн көлөмү жогору бензин менен дизелди өндүрүүгө уруксат бергенден кийин, өлкөдө автоунаа оңдоочу жайларга кайрылгандар көбөйгөнү айтылып жатат. Адистер мындай даттануулардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин эскертишет.
Greenpeace уюмунун эксперти Анна Ежактын айтымында, курамында күкүрт көп болгон күйүүчү майды колдонуу экологияга да, адамдардын ден соолугуна да олуттуу коркунуч жаратат.
"Ал күйүүчү май күйгөндө абага күкүрт диоксиди жана PM2.5 зыяндуу бөлүкчөлөрү тарайт. Алар өпкөнү жабыркатат. Бензиндеги жыпар жыттуу көмүр суутектердин уруксат берилген үлүшү 35 пайыздан 42 пайызга чейин жогорулатылганы да зыяндуу бөлүкчөлөрдүн көбөйүшүн шарттайт", - деди ал.
Өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында, ошондой эле аннексияланган Крымда жана Украинанын Орусия басып алган аймактарында күйүүчү май тартыштыгы байкалып, май куюучу жайларда узун кезектер пайда болду.