Балаклеяда Орусиянын чабуулунан үч киши каза тапты, Сумыда ондон ашууну жараат алды

Балаклея, Украина. Орусиянын чабуулунун кесепети. 6-август, 2026-жыл

Украинанын аймактарына 6-августка караган түндөгү чабуулдарында Орусия кемелерге каршы "Оникс" ракеталары, радиолокацияга каршы эки ракета жана 101 дрон колдонду.

Анын ичинен 66 дрон атып түшүрүлгөнүн Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди.

Соккулардын кесепетинен Харьков облусунун Балаклея шаарындагы кичи райондордун биринде үч киши каза болду.

Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдиргендей, орус армиясы Лозовая шаарындагы темир жол станциясына дрондор менен сокку урганда эки киши каза таап, сегизи жабыркады.

Сумынын бийлиги орусиялыктар сегиз мүнөт ичинде шаарга сегиз башкарылуучу авиабомба таштаганын, 12 киши жабыркап, соода борборлору, дүкөндө, көп кабаттуу үйлөр, жер тамдар, автоунааларга зыян келтирилгенин билдирди.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы 10 киши жабыркаганы тууралуу маалымат таратты.

Херсон облусундагы Камышаны кыштагында FPV-дрону жумушчуларды эгин талаасына алып бараткан автобусту бутага алып, алты киши жараат алды.

Запорожьеде төрт киши жабыркап, тогуз кабаттуу үйдүн чатыры жарым-жартылай талкаланды, катарлаш жайгашкан үйлөргө да зыян келтирилди.

Дагы караңыз

Украин армиясы "жок кылган" кыргызстандыктар кимдер? Иран Ормуздагы түштүк коридорго макул болбогонун билдирди