Токмокто аялын, балдарын сабаган деген шек менен кармалган адам эки айга камалды

Кармалган шектүү.

Токмокто үч жылдан бери аялын жана балдарын сабап келаткан деген шек менен кармалган 38 жаштагы адам (Ч.Ч.) Токмок шаардык сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди. Облустук милициянын маалыматында 3-августта Токмок шаарынын 33 жаштагы тургуну (З.Р.) арыз менен кайрылып, жарандык жолдошу акыркы үч жылдан бери ага жана жашы жете элек эки баласына зордук-зомбулук көрсөтүп келатканын айткан.

Бул факты Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Териштирүүдө жабырлануучудан көрсөтмө алынып, анда ал жарандык жолдошу электр зымы жана күрөк менен уруп, денесине залал келтиргендигин айткан.

Окуя боюнча арыздануучу жана анын жашы жете элек эки баласына соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Токмок шаардык милициясы бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Уруп-сабап кыйноо” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө уланууда.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдиргендей, 2026-жылы үч айда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 6621 учур катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 44% көп.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголгон. Мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган. (BTo)

Дагы караңыз

Сот экс-депутат Конгантиевди күнөөлүү деп таап, 500 миң сом айып салдыОрусияда бийлик сапаты төмөн бензинди сатууга уруксат берди Орусиядан августтун аягына чейин 100 миң тонна күйүүчү май алынып келетГрузия менен Абхазияда эки апта ичинде жарык үчүнчү жолу жапырт өчтү Балаклеяда Орусиянын чабуулунан үч киши каза тапты, Сумыда ондон ашууну жараат алды Акыйкатчы окуудан чыгарылат делген студенттер боюнча Башкы прокуратурага кайрылдыМинистрлик гемодиализ алуудагы коррупциялык иш боюнча комментарий берди