Трамп Patriot системасынын ракеталары "АКШнын өзүнө керек" экенин айтты

Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп Украинага аба чабуулдарынан коргонууда колдонулуучу Patriot зениттик-ракеталык комплексине кошумча ракета берүү маселесине байланыштуу суроого жооп берип жатып "алар бизге өзүбүзгө керек" деп билдирди.

6-августта Ак үйдөгү брифингде журналисттер Трампка украин президенти Владимир Зеленскийдин Орусия баллистикалык ракета чабуулдарын күчөткөнү, андай соккулардан коргонуу барган сайын оорлогону тууралуу билдирүүсүн мисал келтирип суроо беришкен.

Трамп буга чейинки президент Жо Байдендин тушунда ракеталар короп кеткенин, ал "өтө көп куралды бекер берип салганын" айтты.

Июль айында Анкарада өткөн НАТО саммитинде Зеленский менен жолугушууда Трамп АКШ Украинага Patriot системасынын ракеталарын жасоого лицензия берерин айткан, бирок кийин андай болушу мүмкүн эмес экенин бир нече жолу кыйыткан.

Жакында Ак үйдө өткөн жолугушууда Зеленский Украинанын энергетикалык инфраструктурасын кыш мезгилинде коргоо үчүн АКШ президентинен абадан коргонуу үчүн кошумча ракета бөлүп берүүнү кайрадан суранган. Бирок Трамп бул өтүнүчтү четке какканын бир нече маалымат булагы кабарлаган.

Reuters агенттиги Трамп февралдын аягында Иранга каршы баштаган согуштун айынан АКШнын айрым ракета запастары кыйла азайып калган болушу мүмкүн экенин жазган.

Дагы караңыз

Муратбек Азымбакиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалдыЧолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүп жататОрусиядан августтун аягына чейин 100 миң тонна күйүүчү май алынып келетУКМК экс-депутат Конгантиев мамлекетке баасы 15 млн долларлык мүлктү өткөрүп бергенин билдирди