Бишкекте "Көк-Сай" базарынан чыккан өрт 7-августтун таңында өчүрүлдү

“Көк-Сай” базарынан чыккан өрт.

6-августтун кечинде Бишкектин Орозбеков көчөсүндө курулуш материалдарын саткан “Көк-Сай” базарында чыккан өрт 7-август саат 9:06да өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, тилсиз жоону өчүрүүгө алты бригада тартылган.

Өрт 500 чарчы метрлик аянттагы пластик эшик-терезе жасалуучу цехтен чыгып, ал жердеги станоктор күйгөн. Өрт эмнеден чыкканы азырынча белгисиз. Баштапкы маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

Кыргызстанда өрт кырсыктарынын көбү электр жабдууларын этиятсыз колдонуудан улам чыгат. Андан тышкары мештерди жана морлорду колдонууда да өрт коопсуздугу сакталбаганы тилсиз жоонун негизги себептеринин бири экени айтылып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Муратбек Азымбакиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалдыЧолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүп жататОрусиядан августтун аягына чейин 100 миң тонна күйүүчү май алынып келетУКМК экс-депутат Конгантиев мамлекетке баасы 15 млн долларлык мүлктү өткөрүп бергенин билдирдиТокмокто аялын, балдарын сабаган деген шек менен кармалган адам эки айга камалдыОрусияда бийлик сапаты төмөн бензинди сатууга уруксат берди