УКМК ишкерден акча талап кылган төрт адам кармалганын билдирди

Шектүүлөрдү кармоо учурунда тартылган сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында жергиликтүү ишкерден опузалап акча талап кылган деген шек менен төрт адам кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматында, 6-августта Чолпон-Атада ишкерден (С.К.С.) акча алып жатканда шектүүлөрдүн бири 27 жаштагы адам (А.у.А.) колго түшкөн.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө анын дагы үч шериктеши (2001-жылы туулган Д.у.К., 2001-жылы туулган М.Ш.М., 2000-жылы туулган А.Э.К.) кармалды. Тергөөдө алар ишкерди күч колдонуу менен коркутуп, андан көп суммадагы каражат талап кылышканы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топ тарабынан жасалган опузалоо” беренеси менен кылмыш иши козголду. Ушул тапта тергөө уланып жатат. УКМК бул иш уюшкан кылмыштуулукка каршы жүргүзүлүп жаткан аракеттер алкагында аткарылганын кошумчалады. (BTo)

Дагы караңыз

Трамп Patriot системасынын ракеталары "АКШнын өзүнө керек" экенин айттыБишкекте "Көк-Сай" базарынан чыккан өрт 7-августтун таңында өчүрүлдүМуратбек Азымбакиев Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалдыЧолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүп жататОрусиядан августтун аягына чейин 100 миң тонна күйүүчү май алынып келетУКМК экс-депутат Конгантиев мамлекетке баасы 15 млн долларлык мүлктү өткөрүп бергенин билдирдиТокмокто аялын, балдарын сабаган деген шек менен кармалган адам эки айга камалдыОрусияда бийлик сапаты төмөн бензинди сатууга уруксат берди