Казакстан жүргүнчү ташуучу алгачкы учкучсуз аба унаасын сыноодон өткөрдү

EH216-S аппараты. 2026-жылдын 6-августу, Астана шаары.

Казакстанда учкучсуз учуп, жүргүнчү ташуучу алгачкы электр аппараты сыноодон өткөрүлгөнүн "Азаттык Азия" өлкөнүн Транспорт министрлигине таянып кабарлады.

EH216-S аппараты тик өйдө көтөрүлүп, коно турган учкучсуз учуучу каражат экени, аны Астанада жүргүнчүсү менен кошо атайын жайдан учуруп, текшерип көрүшкөнү, сыноо ийгиликтүү өткөнү маалымдалды.

Аппарат эки жүргүнчүнү ташууга ылайыкташтырылган. Ал саатына 130 чакырымга чейинки ылдамдыкты учуп, 35 чакырым аралыкка жете алат.

Бийлик алгачкы этапта 5 мүнөттөн 30 мүнөткө чейин Казакстандын жаратылыш, маданий жана тарыхый жайларынын үстүнөн уча турган туристтик каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, келечекте мындай учкучсуз унаа жүргүнчү ташуудан тышкары шашылыш медициналык жардам көрсөтүүдө, дары-дармек жеткирүүдө, өрт өчүрүүдө жана логистика тармагында колдонулушу мүмкүн.

Долбоордун мөөнөтү жана инвестиция көлөмү азырынча маалымдала элек.

Дагы караңыз

Орусияга барган борборазиялык эмгек мигранттарынын саны кыскаруудаСадыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту Эмиграциядагы айрым орусиялык ишмерлер шайлоодо "Яблокону" колдоого үндөй башташтыУКМК ишкерден акча талап кылган төрт адам кармалганын билдирди