АКШ Конгрессинин жогорку палатасы — Сенат Орусияга жана Москванын Украинадагы согушун каржылоого жардам берип жаткан тараптарга каршы ири санкциялар пакетин жактырды. Мыйзам долбоорун 86 сенатор колдоп, 11и каршы добуш берди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ Сенатына ыраазычылык билдирип, санкциялар Орусияга болгон басымды күчөтүп, согушту токтотууга өбөлгө түзөрүн айтты.
«Линдси Грэмдин Орусияга жана Иранга каршы санкциялар жөнүндөгү мыйзам долбоорунун кабыл алынышы агрессорго басымды күчөтүүгө жардам берет», — деп Зеленский 7-августта Telegram баракчасына жазды.
Ошол эле учурда Украина аба соккуларынан коргонуу үчүн Patriot системаларына керектүү ракеталарга муктаж экенин белгиледи. Зеленскийдин айтымында, Орусиянын президенти Владимир Путин согушту баллистикалык ракеталардын жардамы менен созууга аракет кылып жаткан учурда Украинанын абадан коргонуусун чыңдоо өзгөчө маанилүү.
Санкциялар жөнүндөгү мыйзам долбоору эми АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасына жөнөтүлөт. Бирок жайкы парламенттик каникулга байланыштуу ал боюнча добуш берүү сентябрдын башынан эрте өтпөйт.
Документте Орусиянын президенти Владимир Путинге, орусиялык аткаминерлерге, олигархтарга, каржы мекемелерине жана Москва мунай экспортундагы чектөөлөрдү айланып өтүү үчүн пайдаланган «көмүскө флотко» санкция киргизүү каралган.
Мындан тышкары, мыйзам долбоору АКШ президенти Дональд Трампка Орусиянын мунайы менен газын ири көлөмдө сатып алган өлкөлөрдөн импорттолгон товарларга 100 пайызга чейин бажы төлөмдөрүн киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ошол эле учурда Орусиядан керектеген жаратылыш газынын 15 пайыздан азын импорттогон жана бул көз карандылыкты азайтуу боюнча чараларды көрүп жаткан өлкөлөр үчүн өзгөчө шарттар каралган.
Мыйзам долбоору сенатор Линдси Грэмдин аты менен аталган. Ал бул демилгени кабыл алдыруу үчүн бир жылдан ашык убакыт бою колдоо издеп келген. Республикачы Грэм 11-июлда каза болгон. Орусия Крымды аннексиялаганга жана Украинага негизсиз бастырып кирип, согуш баштаганга чейин эле ал Владимир Путиндин саясатын катуу сындап келген. Украинаны жигердүү колдоп, Киевге бир нече жолу барган. Москвага карата санкция жана Украинаны колдоо тууралуу мыйзам долбоорлорунун тең автору болгон.
Мыйзам долбоору Сенатта 28-июлда да каралып, колдоо тапкан.