Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:30

Киевде түнкү чабуулдан каза болгон үч адамдын бирөө бала экени айтылды

Соңку күндөрү Орусия Украинанын борборун баллистикалык ракета менен көп аткылоодо.
Соңку күндөрү Орусия Украинанын борборун баллистикалык ракета менен көп аткылоодо.

Орусиянын аскерлери 8-августка караган түнү Украинанын борбору Киевге жана Киев облусуна кайрадан жапырт чабуулун жасады.

"Бровары районунда душмандын чабуулунун кесепеттери үч жерде катталды. Тилекке каршы, үч адам, анын ичинде бир бала каза болду. Дагы үч адам жараат алды, алардын арасында да бир бала бар", - деп билдирди Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко Telegram каналы аркылуу.

Ткаченконун айтымында, сыныктар кулаганда жеке турак үй, чарбалык курулуштар, унаалар зыянга учурап, ишканалардын биринин имаратынын аймагында өрт чыккан.

Киев шаарында баллистикалык ракета коркунучу жарыялангандан үч сааттан кийин эки жерде өрт чыкканы, төрт адам жаракат алганы маалымдалды.

Соңку жумаларда орус аскерлери Киевге ракеталык чабуулдарын күчөттү. Украин бийлиги баллистикалык ракеталарды атып түшүрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин билдирип, АКШдан жардам суроодо.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG