Орусиянын чабуулунан Сумыда кеминде беш адам жабыркады

Орусиянын ракетасынан жабыркаган Сумы. 21-июль, 2026-жыл.

Орусиянын аскерлери 10-августка караган түнү Украинанын Сумы шаарына башкарылуучу авиабомбалар менен сокку урду.

Бул тууралуу Сумы облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Григоров билдирди. Анын айтымында, жарандык инфраструктурага беш сокку урулган, кеминде беш адам жабыркаган.

"Турак жай секторуна зыян келтирилди. Адистер аймактарды текшерип жатышат. Кесепеттердин жалпы масштабы такталууда", - деп жазды Григоров.

Запорождо да Орусиянын чабуулунан гараждар кооперативинде өрт чыгып, жарылуунун сокку толкунунан имараттардын бири жабыркаган. Облустук аскердик администрациянын башчысы Иван Федоровдун маалыматына караганда, жабыркагандар болгон эмес.

Мындан тышкары, Орусиянын аскерлери Полтава районундагы бир нече объектке, анын ичинде май куюучу жайларга, өнөр жай ишканасына жана жер үйгө сокку урганы кабарланды.

Орус армиясынын 9-августтагы соккусунан Харьковдо эки адам мерт кетип, жыйырмадан ашуун киши жаракат алган.

Дагы караңыз

Москва менен Дамаск Сириядагы орусиялык базаларды бөлүшүп алды Корумду чокусунда жоголгон альпинисттерди издөө үчүн куткаруу-издөө тобу түзүлдү“75чилердин каты”: Асанов сотту ачык өткөрүүнү талап кыларын айттыКырчында ат сүйрөп кеткен 20 жаштагы жигит каза болду