Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:59

Орусиянын Харьковго чабуулунда эки киши каза таап, 20дан ашууну жабыркады

Харьковго чабуулдардын биринин кесепети. 8-июль, 2026-жыл
Харьковго чабуулдардын биринин кесепети. 8-июль, 2026-жыл

Орусиянын армиясы 9-августта эртең менен Харьковдун Салтовск районуна ракеталар менен сокку урду.

Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдиргендей, соккуда көп кабаттуу үйгө зыян келтирилди. Эки киши каза таап, кеминде 23 киши жабыркады.

Синегубов билдиргендей, 11 киши жардыруудан жараат алып, экөө иске ууланды. Дагы сегиз киши, анын ичинде беш жашар балага катуу стресске кабылган деген диагноз коюлду.

Жекшембиге караган түнү Орусиянын аскерлери Одесса облусун да ондогон ракета жана дрондор менен аткылаган. Жергиликтүү бийлик инфраструктура объектилери жана курулуш зыян тартканын билдирген.

Одессанын эки районунда бир нече турак жай жарым жартылай талкаланып же зыянга учураган. Сегиз киши жабыркаган. Жетөөнүн абалы оор деп бааланууда. Жабыркагандардын көбү осколкадан жараат алган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG