Түркия парламенти Күрд жумушчу партиясынын (РКК) мүчөлөрүнө чектелген мунапыс берүүнү караган мыйзам долбоорун кабыл алды. Бийликтин бул чечими өлкөдө күрддөр маселесине байланыштуу дээрлик 40 жылдан бери уланып келе жаткан тирештин аякташына багытталган тарыхый кадам катары бааланууда.
Мыйзам долбоору парламентте 12 сааттай талкууланып, добуш берүүнүн жыйынтыгында 600 депутаттын 468и колдоду, 88 депутат каршы чыкты.
Демилгени президент Режеп Тайып Эрдогандын бийликтеги "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы жана анын союздаштары колдошту.
12 беренеден турган мыйзам Күрд жумушчу партиясынын миңдеген мүчөлөрүн "куралсыздандыруу жана коомго кайра интеграциялоо" тартибин аныктайт. Айрым сот өкүмдөрүнүн аткарылышы токтотулуп, жүрүп жаткан тергөө иштеринин мөөнөтү кылмыштын оордугуна жараша беш же он жылга чейин токтотулат.
Мунапыска партиянын атайылап адам өлтүрүүгө айыпталган жана 2005-жылга чейин өмүр бою эркинен ажыратылган мүчөлөрү илинбейт. Бул чектөө партиянын негиздөөчүсү Абдулла Өжаланга да тиешелүү. Түрк бийлиги келечекте мындай адамдар үчүн өзүнчө мыйзамдык чечимдер каралышы мүмкүн экенин билдирүүдө.
PKK өз мүчөлөрүн таратуу жана жана куралсыздануу тууралуу чечим кабыл алганын бир жыл мурда жарыялаган. 40 жылдан бери өз алдынча мамлекет түзүү үчүн Түркияга каршы куралдуу күрөш жүргүзүп келген партиянын 2025-жылдын 12-майында жасаган билдирүүсү жаңжалга чекит коюу багытындагы олуттуу кадам болуп калган. Анкара, Вашингтон жана Еврошаркет террордук деп тааныган PKK күрддөр маселесин тынч жол менен чечүүгө үндөгөн.
Түркия менен РКК ортосундагы куралдуу жаңжал 1984-жылы башталган. Ар кандай эсептер боюнча, анын кесепетинен 40 миңдей адам каза болгон.
Анкара кабыл алынган соңку документти «террорсуз Түркия» түзүү багытындагы маанилүү кадам деп атады. Ал эми күрд саясатчылары өлкөдө туруктуу тынчтык орношу үчүн мындан да кеңири демократиялык жана укуктук реформалар зарыл экенин белгилеп жатышат.