Министрлер Кабинети жарандык пиротехника боюнча жаңы эрежелерди бекитти.
10-августта кол коюлган токтомго ылайык, пиротехника буюмдары адистештирилген дүкөндөрдө гана сатылууга тийиш.
Мындан тышкары токтомдо үнгө байланыштуу дагы эреже камтылган. Ага ылайык, иш күндөрү кечки саат 10дон таңкы саат 7ге чейин, дем алыш жана майрамдарда кечки саат 10дон таңкы саат 9га чейин ызы-чуунун деңгээли белгиленген чектен өтпөөгө тийиш.
Токтомдо көрсөтүлдгөн иш-чараларды ишке ашыруу мамлекеттик органдардын санына жана ошол жыл үчүн бөлүнгөн каражатка жараша жүргүзүлөт.
"Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүү эрежелери" токтому "Эркин Тоо" гезитинин 11-августтагы санына жарыяланды.
Кыргыз бийлиги абаны булгабаш үчүн майрамдарда салют атпоого чакырып келет. Быйыл май айында "Жарандардын ден соолугун ызы-чуунун зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" мыйзамына кол коюлуп, бир катар кодекстерге өзгөртүүлөр киргизилген.
Мыйзам Жаңы жылдын келишин майрамдоо түнүндө жана мамлекеттик майрамдарда саат 22:00дөн 03:00гө чейинки убакытка колдонулбай турганы айтылган. (ST)