Кыргызстанда акушер-гинеколог дарыгерлер жетишсиз. Айрыкча элетте маселе курч.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев "Акипресс" агенттигине курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө акушер-гинеколог дарыгерлер менен камсыз болуу көрсөткүчү 10 миң калкка 1,2 (8 миң кишиге бир дарыгер).
Айрыкча Ысык-Көл жана Нарын облустарында адистер тартыш, 10 миң калкка 0,4. Бул 25 миң кишиге бир дарыгер туура келет дегенди билдирет.
Таласта 0,6 (16 миң кишиге бир дарыгер), Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында 0,8 (12 миң кишиге бир дарыгер), Ош шаарында 1,0 (10 миң кишиге бир дарыгер); Баткен облусунда 1,1 (9 миң кишиге бир дарыгер) түзөт.
Бишкек шаарындагы камсыздуулук көрсөткүчү 10 миң калкка 1,9 (5 миң кишиге бир дарыгер).
Бакытбек Кадыралиев маекте адистерди даярдоо, бүтүрүүчүлөрдү аймактарга бөлүштүрүү, медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, эмгек шарттарын жакшыртуу иштери жүрүп жатканын айткан.
Кыргызстанда дарыгерлердин тартыштыгын айлыктын төмөндүгүнө, элетте шарттын жоктугуна байланыштырып келишет. Буга чейин аймактарга барган бир катар жаш дарыгерлер шарт жоктугунан улам иштен кетүүгө аргасыз болгонун айтып чыгышкан. (ST)