Украина Орусия «парламенттик шайлоо өткөрүмүш болгондон кийин» эки этап менен мобилизация жарыялоого даярданып жатат деп эсептейт. Бул тууралуу 11-августта украин президенти Владимир Зеленский кечки видео кайрылуусунда Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси Олег Иващенконун баяндамасына таянып билдирди.
Зеленскийдин айтымында, украин чалгындоосу аныктаган мындай маалыматты «Орусиянын ички документтери» да ырастайт. Бирок ал кайсы документтер жөнүндө сөз болуп жатканын тактаган жок.
«Путиндин планы анчейин татаал эмес: ал орусиялыктар согушту колдойт деген көрүнүштү түзүүнү каалайт. Анткени азыр шайлоого катышууга уруксат берилген бардык партиялар тигил же бул деңгээлде тынчтыкка каршы турушат», — деди украин президенти.
Анын сөзүнө караганда, андан соң «шайлоо» өткөрүлгөндөн кийин жыл аягына чейин дагы бир нече жүз миң орусиялыкты тез арада мобилизациялоо, ал эми кийинки жылы дагы ушунча адамды чакыруу пландалууда.
Орусиянын Мамлекеттик Думасына шайлоо 18-20-сентябрга белгиленген.
Зеленский Орусияда жакын арада жаңы мобилизация болушу мүмкүн экенин биринчи жолу айтып жаткан жок. 25-июлда ал украин чалгын кызматынын маалыматына таянып Орусия мобилизация үчүн «шарт үзүп жатат» деп билдирген.
Украин президентинин айтымында, учурда орус армиясынын фронттогу жоготуулары келишимдик негизде кызмат өтөөгө келген жаңы аскерлердин санынан жогору болуп жатат.
Ошол эле учурда Зеленский Түндүк Корея Орусияга кошумча аскердик контингент жөнөтүүгө даярданып жатканын да айткан. Ал бул билдирүүсүн 10-августта дагы бир жолу кайталады.