Орусиянын Краснодар аймагынан губернатору Вениамин Кондратьев 12-августка караган түнү аймакка жүздөгөн дрондор чабуул койгонун билдирди.
Анын айтымында, Новороссийск шаарында сегиз жаштагы бала чарчап калды. Сегиз адам жараат алды, алардын арасында да бир бала бар.
Кондратьев дрон сыныктары төрт ишканага жана 21 турак үйлөргө түшкөнүн кабарлады.
Новороссийск шаарынын мэри Андрей Кравченко үйдүн чатырына тийген соккунун кесепетинен алты жаштагы бала жараат алганын ырастады.
Темрюк районунун Волна айылында дрон сыныктары жеке үйдүн короосуна түшүп, бир адам жабыркаган.
"Дарыгерлер колдон келгендин баарын жасады, өкүнүчтүүсү, эркек кишини сактап калууга мүмкүн болгон жок", - деп жазды Кондратьев.
Анапада турак үй кыйрап, эки адам жараат алса, Геленжикте үч үй бузулуп, эки адам жабыркаган.
Astra басылмасы Новороссийск шаарындагы чабуулдун кесепетинен Орусиянын Аскер-деңиз флотунун кемелери токтоочу жайдын жанындагы №15 орто мектепке зыян келтирилгенин жазды. Украиналык Exilenova+ мониторинг каналы эки элеваторду жана порттук курулмаларды камтыган Новороссийск дан азыктары комбинатына (НКХП) чабуул коюлганын кабарлады.
"Крымский ветер" каналы NASA FIRMS сервисинин маалыматына таянып, өрт "Шесхарис" мунай терминалынын четинде жана Кара деңиз флотунун кемелери менен суу астындагы кайыктары токтоочу жайынын аймагында катталганын белгилейт.
Орусиянын Коргоо министрлиги Белгород, Брянск, Калуга, Курск, Липецк, Орёл облустарынын, Краснодар крайынын, аннексияланган Крымдын аймактарында жана Кара деңиз акваториясында Украинанын 502 дрону атып түшүрүлгөнүн кабарлады.