Зеленский украин күчтөрү Орусия басып алган 26 кыштакты бошотконун билдирди

Владимир Зеленский

Быйыл январдан августка чейинки аралыкта Александров багытында - Днепропетров, Донецк жана Запорожьенин кесилишиндеги чабуулдарда украин аскерлери Орусия басып алган 26 калктуу пунктту кайтарып алды.

Мындай маалыматты өлкөнүн аскердик жетекчилиги бергенин Украинанын президенти Владимир Зеленский соцтармактардагы баракчасында билдирди.

Зеленскийдин маалыматына караганда, операция учурунда 745 чарчы чакырым аймак бошотулуп, кеминде 9,5 миң орус аскери жок кылынган, мындан тышкары туткунга алынган.

"Биздин операция так аткарылды", - деди Зеленский. Ал операция уланып жатабы, же жокпу, тактаган жок.

Ага докладды Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Михаил Драпатый, Башкы штабдын башчысы Игорь Скибюк жана Десанттык-чабуулчу күчтөрдүн командачысы Олег Апостол берген.

Акыркы айларда үч облус кесилишкен аймакта, Покровскинин түштүк-батышында украин күчтөрүнүн чабуулу тууралуу маалыматтар чыккан. Айрым орусиялык согушту жактаган каналдар да украин тараптын ийгиликтерин моюнга алышкан, бирок аны тактикалык деңгээлдеги жылыш деп баалашкан.

Ошол эле учурда фронттун башка тилкелеринде абал негизинен өзгөрүүсүз калган же болбосо орус күчтөрү алдыга жылганы айтылып келет. Маалыматтарга караганда, акыркы айларда алар Константиновканын бир бөлүгүн көзөмөлгө алып, Славянск багытына жакындай түшкөн жана Сумы менен Харьков облустарынын чек арага жакын аймактарындагы бир катар калктуу конуштарды ээлешкен.

Батыштык талдоочулар 2026-жылы орус армиясынын темпи жайлаганын белгилеп келишет.

Украиналык DeepState талдоо долбоору 12-августта Зеленскийдин сөзүнөн кийин картасын жаңылап, 19 калктуу конуш Украинанын көзөмөлүнө өткөнүн көрсөткөн. Натыйжада бул тилкеде орус күчтөрү Донецк облусунун чегинен артка сүрүлгөнү айтылууда.

Орусиянын расмий өкүлдөрү азырынча бул маалыматка комментарий бере элек.

Орус президенти Владимир Путин өз армиясы "бардык багытта чабуул коюп жатканын" айтып келет. Согуш шартында маалыматтарды көз карандысыз тактоого мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

Орусия Одессада жүргүнчү поездин аткылап, эки киши каза тапты. Измаилде электр жарыгы жок Башкы прокуратура "Кыргызфармация" ишканасына эки кылмыш ишин козгоду