"Он күндөн бери дайынсыз". Корумду чокусуна чыккан үч альпинист изделүүдө

Беларустун жарандары - 43 жаштагы Максим Полянский, 60 жаштагы Николай Свиридов жана Литванын жараны, 37 жаштагы Сергей Рубцов Корумду чокусуна 1-августта чыгышкан.

Корумду чокусунан түшүп келе жатып дайыны белгисиз үч альпинистти издөө уланууда. 13-августта күн ачык болуп, 5700–6150 метр бийиктиктен дрон аркылуу жаңы кадрлар алынды. Азыр издөө штабы дронго тартылган видеолорду карап чыгып, альпинисттердин изин табууга аракет кылууда. 

Акыркы жолу байланышка 2-августта чыгышкан

Куткаруучу топтун мүчөсү Артем Эйкстер альпинисттерди издөө иштеринин жүрүшү тууралуу социалдык түйүндөрдөгү баракчалары аркылуу улам маалымдап жатат. Анын айтымында, атайын дрондор да колдонулууда:

“Биз 2-августтан бери дайынсыз болуп жаткан үч альпинистти издеп жатабыз. Тик учак да учууда, бизде андан өйдөрөөк учканга мүмкүнчүлүк бар”.

Кыргызстандын түштүк аймагында, Чоң Алай кырка тоосунун чыгыш бөлүгүнөн орун алган Корумду чокусуна чыккан үч альпинист 10 күндөн ашуун убактан бери дайынсыз. Аларды издөө иштери уланууда.

13-августта аба ырайы ачык болуп, 5700–6150 метр бийиктиктен видео жана сүрөт кадрлары алынды.

Куткаруучулар тобу ошол кадрларды карап, альпинисттерди издешүүгө чакырууда.

Буга чейин, Эйкстердин айтымында, тик учак коюу тумандан улам 5500 метрден жогору көтөрүлө алган эмес:

"Мурдагы күнү альпинисттердин болжолдуу жайгашкан жери экинчи жана үчүнчү лагерлердин ортосунда, тактап айтканда, 5400–6000 метр бийиктикте болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келгенбиз. Ага куткаруучу топтун бардык мүчөлөрү макул болушту. Бирок азырынча ал аймакка учуп баруу аба ырайына байланыштуу татаал болууда".

Дагы караңыз

"Мыкты даярдыгы барлар гана чыксын". Жеңиш чокусу боюнча жаңы талап

Беларустун жарандары - 43 жаштагы Максим Полянский, 60 жаштагы Николай Свиридов жана Литванын жараны, 37 жаштагы Сергей Рубцов Корумду чокусуна 1-августта чыгышкан.

Чоку Ош облусунун Чоң-Алай районунда, 6613 метр бийиктикте жайгашкан.

Альпинисттер 2-августта акыркы жолу байланышка чыгып, 7-августтан бери изделүүдө.

Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Эдуард Кубатов издөө, куткаруу иштери активдүү жүрүп жатканын 12-августта билдирди:

Эдуард Кубатов

"Төрт күн мурда бизге Беларустун Альпинизм федерациясынын президенти Александр Годлевский расмий кайрылган. Биз төрт күндөн бери ИИМ, ӨКМ жана коомдук куткаруу альпинисттик кызматы менен биргеликте мониторинг жүргүзүүгө жана куткаруу операцияларын уюштурууга активдүү катышып жатабыз".

Максим Полянский менен Николай Свиридов жети миң метрлик беш чокуну багындырган «Ак илбирс» наамынын ээлери. Сергей Рубцов да көп жылдан бери альпинизм менен алектенип келет. Үчөө Корумду чокусуна чыгууга бир нече ай даярданышкан.

Былтыр август айында Кыргызстандын Жеңиш чокусунда эки ирандык дайынсыз жоголуп, орусиялык Наталья Наговицина жана дагы бир италиялык альпинист каза болгон.

Кыргыз өкмөтүнүн сунушу

Кыргызстан өлкөдөгү бийик чокуларга чыккан альпинисттерден акы алууну көздөп жатат. Өкмөттүн тиешелүү токтомунун долбоорунда аларга милдеттүү камсыздандырууну киргизүү жана бир катар талаптар жазылды. Мындан дээрлик бир жыл мурда орусиялык альпинист Наталья Наговицинанын Жеңиш чокусунда жаракат алып, каза болушу коомчулуктун көңүл борборунда болгон.

Ал учурда альпинистти алып түшүүгө болгон аракеттерден майнап чыккан эмес. Көпчүлүк альпинисттердин коопсуздугуна жана куткаруу чараларына көңүл буруу маселесин көтөргөн. Эми кыргыз өкмөтү дал ошол Жеңиш чокусуна чыгам деген альпинисттерди алдын ала уруксат алууга милдеттендирмей болуп жатат. Бул чара алардын коопсуздугун коргоо жана тейлөөнү жакшыртуу үчүн сунушталууда.

Жети миң метрден ашкан үч чоку жайгашкан Кыргызстан альпинизм үчүн да маанилүү. Алардын ичинен Жеңиш чокусу дүйнөдөгү 7 миңдик бийиктиктеги чокулардын ичинен жер шарынын эң түндүктө жайгашканы, катаал шарты жана аба ырайынын улам өзгөрүп турганы менен өзгөчө.

Кыргызстанда бийиктиктен башка өзгөчөлүктөгү альпинисттик аймактар бар. Маселен, жалама зоо болгон Керевшин чокуларына чыгуу үчүн келген чет элдиктер да арбын. Ал эми альпинизмге эми кызыга баштагандарга ылайыктуу деп Ала-Арча капчыгайы жана башка жайлардагы чокулар саналат.