Садыр Жапаров Кумтөрдү алуу демилгесин Октябрь окуясынан кийин өзү көтөргөнүн айтты

Президент Садыр Жапаров жана Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөр кенинде. 15-июнь, 2021-жыл.

Кумтөрдү мамлекетке алуу 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин башталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновдун YouTube каналына курган маегинде билдирди.

Жапаров Кумтөр кенин мамлекетке алууну президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган күнү эртеси баштаганын, бул милдетти Акылбек Жапаровго ишкананы текшерүүнү жүргүзүүнү дайындаганын айтты.

Кумтөр мамлекетке алынарын шайлоо бүткөнчө купуя сыр катары сакташканын белгиледи. Ага чейин "Кыргыз алтында", Улуттук банк жана Кара-Балтада жаткан 500-600 килограммдай алтынын чыгарбай коюшканын билдирди.

"Шайлоо бүткүчө алабыз десем, Кумтөрдүн баарын талкалап, эртең эч ким ким иштете албай калгандай кылышкан жатпайбы. Кумтөр токтоп калгандан кийин аны жылдырыш үчүн эле 300-500 млн доллар керек болмок. Шайлоодон өтүп келдим, 80% эл колдоду. Анын өтүп келгенден кийин Акылбек Жапаровду бурай баштадым. Ошентип жатып майда даяр болду. Парламентке бүрсүгүнү киргизип, тышкы башкарууга алабыз дегенибиз тигилерге жетип калыптыр. Алар иштеп жаткан электрондук системаларын талкалап баштайт да, ошон үчүн чукул өткөрдүк. Парламенттен бир жумадан кийин каралмак. Чукул киргизип, денонсацияны кнопкага салдык да, шак басып калдык", - деди Жапаров.

Президент кенди мамлекетке алганга чейин Тениз Бөлтүрүктү мурда-кийин тааныбаса да, Акылбек Жапаров аркылуу таптырганын белгиледи. Аны Канадага директорлор кеңешиндеги үч адамдын биринин ордуна жибергенин, купуя документтер болсо таап келүүнү табыштаганын, бирок аны аткара албаганын айтты.

Теңиз Бөлтүрүккө Кумтөр мамлекетке өткөндөн кийин "ар бир литр солярка, бурамага чейин көз салып, алтын Кара-Балтадагы аффинаждык заводдон өтүп, Улуттук Банкка барганча уурдатпа" деп табыштаганын кошумчалады. Бирок Бөлтүрүк баргандан көп өтпөй эле футболчуга да, улакчыга да материалдык жардам берип, акчаны чача баштаганын айтты.

Кийин Кыргызстанда солярка 60 сомдон сатылып жатканда, Кумтөр 80 сомдон алып жатканын укканын, кенге бир айда 11 миң тонна күйүүчү май керектелгенин эске алганда бул чоң акча экенин эске салды.

Жапаров муну менен катар Тениз Бөлтүрүктүн Кумтөрдүн Учкундагы имаратында отургусу келбей "мыйзамдагы уурунун" имаратын айына 1 млн долларга ижара алып, кымбат эмеректерге акча коротконун" сындады.

Теңгиз Бөлтүрүк “Кумтөр” иши боюнча 2022-жылдын сентябрь айында кармалып, бир жылдан ашык абакта отурган.

11-августта Фейсбуктагы түз эфиринде ал “Кумтөрдү” мамлекетке кайтаруудагы эмгеги бааланбай калганын айтып, өлкө башчысы Садыр Жапаров баш болгон жетекчилерди сынга алып, өзүнө козголгон иш боюнча ачык сот өткөрүүнү сунуштаган.

Кыргызстандын Министрлер кабинети Жогорку Кеңештин чечими менен 2021-жылы 17-майда “Кумтөр Голдго” үч айга убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Мындай сунушту парламентке алтын кенге байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия берген.

Садыр Жапаров 2022-жылы 4-апрелде “Центерра” менен келишимге кол коюлганын, Кумтөр кени толугу менен мамлекетке өткөнүн жарыялаган. Эки тарап тең доо арыздарынан баш тартып, кенди мурда иштеткен “Центерра” компаниясы кыргыз тарапка 50 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берери, Кумтөр кенин рекультивациялоо фондундагы 53 млн. доллар Кыргызстанга которулары да айтылган. (ST)

Дагы караңыз

Бишкекте автобустагы окуя боюнча иш козголду, мушташкан аялдар өз жүйөлөрүн айтышты“75чилердин” айрымдары сотту ачык өткөрүүгө каршы болушту"Кыргызфармация" Башкы прокуратура козгогон кылмыш иши тууралуу жооп берди