Ош шаарында туристтер үчүн заманбап инфраструктураны камтыган борбор курулат. Бул тууралуу маалымат мэриянын расмий баракчасына жарыяланды.
Бүгүн, 15-августта, калаа башчысы Жанарбек Акаев шаардын айланасындагы тарыхый жайларды кыдырып көргөндөн кийин ушундай чечим кабыл алынганы айтылды.
Акаев эл оозунда “Сүрө таш”, расмий аталышы Сүрөттү-Таш жана байыркы Ак-Буура шаарчасы жайгашкан жерлерди кыдырды.
Сүрөттү-Таш шаардын борборунан 8 чакырым алыстыкта, түндүк-батышында жайгашкан. Ал жерде таш бооруна жылкы, бугу, эчки-текелердин жана адамдардын сүрөттөрү тартылган. Арасында 30дан ашык жылкы кытай жылнаамаларында жазылган дабан асман аргымактарына окшоштурулат. Бул жайды археологдор изилдеп чыккан.
“Байыркы Ак-Буура шаарчасын жана анын тарыхый маанисин терең изилдөө максатында Улуттук илимдер академиясынын археолог адистерин тартуу, ошондой эле тарыхый объектилерди сактоо жана коргоо үчүн тиешелүү тосмолорду орнотуу, тарыхый жайларды сактоо, аймактарды иретке келтирүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана аталган объектилерди туристтик маршруттарга киргизүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Мындан тышкары, Сүрөттү-Таш аймагына кирип-чыгууну жөнгө салуу максатында шлагбаум орнотуу жана туристтер үчүн заманбап инфраструктураны камтыган борбор куруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырылды”, - деп айтылат маалыматта.
Ош шаары Борбор Азиядагы эң байыркы калаалардын бири, Кыргызстандагы экинчи ири калаа. Ал аралап өткөн Ак-Буура дарыясы жана Сулайман-Тооcу менен белгилүү.