Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:03

Орусиянын согушту айыптаган "Яблоко" партиясы Жогорку соттун чечимине даттанды

Николай Рыбаков.
Николай Рыбаков.

Орусиянын оппозициялык «Яблоко» партиясы Мамлекеттик Думага шайлоого катышуу укугунан ажыраткан сот чечимине каршы арызданды. 14-августта Жогорку соттун чечимине каршы апелляциялык арыз бул мекеменин тийиштүү инстанциясына тапшырылды.

Жогорку сот 10-августта «Родина» партиясынын доосунун негизинде «Яблокону» шайлоого катышууга берилген укугунан ажыратуу чечимин кабыл алган.

«Яблоконун» төрагасы Николай Рыбаков партиянын юристтери тизмени шайлоодон четтетүүгө эч кандай негиз жок экенин так далилдеп бергенин, сот чечими жокко чыгарыларына ишенерин айткан.

Апелляциялык арызды кароо 17-август, дүйшөмбүгө белгиленди.

«Яблоко» — Борбордук шайлоо комиссиясы Мамлекеттик Думага шайлоого каттаган партиялардын ичинен Украинадагы согушту тез арада токтотууну ачык жактаган жалгыз партия. Бул позициясы үчүн ал шайлоонун башка катышуучуларынын, анын ичинде «Родина» партиясынын сынына кабылууда.

«Родинанын» доосунда «Яблокого» экстремизм боюнча коюлган айыптардан тышкары автордук укуктарды бузуу, чет өлкөлүк социалдык тармактарда жарнама колдонуу жана башка мыйзам бузуулар тууралуу дооматтар айтылган. Сот доогер тараптын аргументтеринин көпчүлүгүн негиздүү деп тапкан.

«Яблоко» жана оппозициялык маанайдагы айрым комментаторлор партиянын федералдык тизмесин шайлоодон чыгаруудагы себептер саясий мүнөздө болгон деп эсептешет. Партиянын маалыматына караганда, соңку сурамжылоолор «Яблоконун» көп жылдардан бери биринчи жолу шайлоодогу 5 пайыздык босогодон өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөткөн.

Эгер Жогорку соттун чечими күчүндө калса, «Яблоко» партиясынын федералдык тизмеси шайлоо бюллетенине киргизилбейт. Ошол эле учурда партиянын талапкерлери бир мандаттуу округдардын бир катарында шайлоого катыша алышат.


Шерине

XS
SM
MD
LG