Орусиянын Москва шаарында калайман мушташка катышкан мигранттар камакка алынганын Кузьминск райондук сотунун басма сөз кызматына таянуу менен жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.
Соттун чечимине ылайык, Рязан районундагы курулуш аянтында болгон жаңжалдан кийин кармалган 26 чет элдик жаран майда бейбаштыкка айыпталып, административдик жазага тартылды. Калайман мушташ 10-августта курулушта болгон.
Тергөө капыстан чыккан чатактын арты жумушчулардын мушташы менен аяктаганын билдирген.
26 чет элдикке административдик мыйзам бузуу тууралуу протоколдор түзүлүп, 15 күнгө камакка алынды.
Сот мындан тышкары жапырт мушташ чыгарган делген беш адамды 11-октябрга чейин камакка алды.