Блогер Бакмурат Токтогулов дүйнөдөн кайтты

Бакмурат Токтогулов

Блогер Бакмурат Токтогулов оорусуна байланыштуу 42 жашында дүйнөдөн кайтканын анын санаалаштары соцтармактарга жазышты. Маалыматты маркумдун жакындары "Азаттыкка" ырастап, Бакмурат Токтогулов 19-августта эртең менен ооруканада, жандандыруу бөлүмүндө каза болгонун билдиришти.

Алардын сөзүнө караганда, маркум ооруканага кан басымы жогорулап, 18-августта түшкөн.

Токтогуловдун төрт баласы калды. Ал социалдык тармактарда бийликти сындап жазган посттору үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берген.

Дагы караңыз

Акын Аскат Жетиген үч жылдык мөөнөттү өтөп бүтүп, эркиндикке чыктыМосквада жарык өчүп, өлкө аймагында интернет үзгүлтүккө учурадыУкраинанын мурдагы коргоо министри Федоров шайлоо өткөрүү керектигин айттыАКШ кытай товарлары бажы төлөмүн кыйгап өткөн өлкөлөрдүн катарына Казакстан менен Өзбекстанды кошту