Абактагы Мавлян Аскарбековдун иши тергелип бүтүп, сотко өттү

Мавлян Аскарбеков.

Саясатчы Мавлян Аскарбековго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Бишкектин Ленин райондук сотуна өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын иниси Бакыт Аскарбеков билдирип, алгачкы соттук угуу 20-августка белгиленгенин айтты.

Мавлян Аскарбековдун адвокаты Эрик Ирискулбековдун сөзүнө караганда, саясатчыга Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айып тагылууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кылмыш иши боюнча маалымат бере элек.

Мавлян Аскарбеков кармалганы 12-июндун кечинде белгилүү болгон. Ошол күнү ал Фейсбуктагы баракчасына ага провокациялык мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын, үйүнө УКМКнын кызматкери барганын жазган.

47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү окуяларды активдүү комментарийлеген саясатчылардын бири. Ал бийликтин айрым иштерин сынга алган пикирлери менен бөлүшүп келген. (BTo)

Дагы караңыз

Акын Аскат Жетиген үч жылдык мөөнөттү өтөп бүтүп, эркиндикке чыктыМосквада жарык өчүп, өлкө аймагында интернет үзгүлтүккө учурадыУкраинанын мурдагы коргоо министри Федоров шайлоо өткөрүү керектигин айттыАКШ кытай товарлары бажы төлөмүн кыйгап өткөн өлкөлөрдүн катарына Казакстан менен Өзбекстанды кошту Орунбековдун тизмеси: Абдирасулова ИИМ териштирүү баштаганын айттыКыргыз бийлиги санкция тобокелчилигинен улам 19 компанияны жабарын жарыялады