Мунай импорттоочуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселеси көтөрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы буга чейин арзан баада алынган күйүүчү майдын запасы азайып, жаңысы кымбаттап жатканын эскертти. Ушундан улам күйүүчү май сатып келүүдө мамлекеттик колдоо механизмдерин кайрадан карап чыгуу сунушталды.

Ассоциация 19-августта тараткан маалыматка караганда, августтун башынан бери айрым компаниялар дизелдик күйүүчү майды тоннасына 1 550–1 600 доллардан, ал эми АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди тоннасына 1 400–1 450 доллардан сатып алуу боюнча келишимдерди түзгөн. Учурда бул партиялар Кыргызстанга келе баштады.

Маалыматта айтылгандай, Орусиянын өзүндө күйүүчү майга суроо-талаптын күч алышы Кыргызстанга жеткиликтүү көлөмдө күйүүчү май ташып келүүгө тоскоол болууда. Орусиялык компаниялар Беларустан да мунайзат көп сатып алып жатышат.

Мунай ташуучулар учурда мурдагы арзан баада алып келинген күйүүчү май азайып жатканын белгилеп, ички рыноктогу таңкыстыкка жол бербөө үчүн кийинки ири партияларды сатып алуу үчүн келишим түзүү зарылчылыгын эскертүүдө. Ассоциация бул үчүн мунай ташуучуларга мамлекеттик колдоонун параметрлерин карап чыгуу зарыл экенин билдирип, азыркы учурдагы колдоо механизмдери күйүүчү майдын мурдагы, арзан кездеги баасына эсептелгенин эскертти.

"Жаңы партияларды кымбат баада сатып алуу компаниялар үчүн олуттуу каржылык тобокелдик жаратууда. Ошол эле учурда келишимдерди кийинкиге калтыруу ички рынокту күйүүчү май менен камсыздоого таасир этиши мүмкүн" деп жазылган билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, азырынча май куюучу жайларда күйүүчү майдын тартыштыгы жок. Бирок жаңы партиялардын кымбат баада сатылып жатышы келечектеги баага терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95 пайызга жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, дизел, авиакеросин, битум жана чийки мунай сатып алат.

Жакынкы Чыгыштагы абал жана Украинанын Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна жасаган чабуулдары дүйнөдө кара майдын кымбатташына алып келди. Мындан улам Орусиянын өзүндө кризис пайда болгон.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттай турганын айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстанда айрым май куюучу жайларда АИ-92, АИ-95 жана дизел тартыш болуп жатканын ырастап, Орусиядан августтун аягына чейин 100 миң тонна күйүүчү май алынып келерин 6-августта билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

Фергана: Чек ара чечилди, суу маселеси турат "Кылмыш кылган эмесмин". Акын Аскат Жетиген абактан чыкты Жапаров Ташиевдин казынага 4 млрд доллар кайтарганын төгүндөдү. Жемкорлукка каршы күрөштөн канча каражат түшкөн? Бишкекте Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү ачылды