Улуттук тарых музейинде "Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр көргөзмөсү" аттуу көргөзмө ачылды.
18-августта ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Кыргызстан менен Кытайдын тарыхый-маданий байланыштарын, эки элдин өз ара урмат-сыйын жана достугун чагылдырган маанилүү маданий окуя экенин белгиледи.
Президенттик администрациянын маалыматына караганда, көргөзмөгө үч музейдин фонддорунан 153 баалуу экспонат коюлган, анын 115и Тяньцзинь музейинен, 30у Ички Монголия музейинен жана 8и Кыргызстандын Улуттук тарых музейинен алынган.
Көргөзмө Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Кыргызстанда өтүүчү саммитинин алкагындагы маданий иш-чаралардын бири катары уюштурулду.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, көргөзмө 15-ноябрга чейин уланат.
2025-жылы Бээжин шаарындагы Кытайдын Улуттук музейинде Кыргызстандын Улуттук тарых музейинин көчмө көргөзмөсү уюштурулган.(ZKo)
Шерине