19-августта абактан жаза мөөнөтүн толук өтөп бүтүп, эркиндикке чыккан акын Аскат Жетиген президенттен ырайым сурабай, аягына чейин отурган себебин түшүндүрдү. Ал "Азаттыктын" кабарчысына курган маегинде президент Садыр Жапаровдун "ырайым сураса мунапыс берүүнү карап көрөрүн" айтканы боюнча өз пикирин билдирди:
"Ырайым суроо оюма да келген жок. Биринчиден, ырайымды күнөө кетирген адам сурайт. Мен күнөө кетирген эмесмин. Экинчиден, мен кылган иш кылмыш деп эсептелинбейт болчу. Ошол себептен мен кечирим да, ырайым да сураган жокмун. Президент Жапаров тараптан эки жолу "ырайым сурап бер" деп мен жаткан түзөтүү мекемесине келишти, эки жолу тең баш тарттым. Себеби, өзүңүздөр билгендей эле, мен акмын, актыгым үчүн мен эч качан кечирим сурабайм".
Аскат Жетиген тагылган айыпты буга чейин да мойнуна албаганын, мындан ары да албасын белгилеп, кечиримди бийликтен эмес, элден сураганын белгиледи:
"Мен тагылган айыпты мойнума алган эмесмин. Кылмыш кылган эмесмин деп эсептейм. Экинчиден, мен кечиримди элден сурагам, ушуну баса белгилеп айткым келет. Ал эми аталган кылмыш иши боюнча дагы айта турган сөздөр көп, жакында маалымат жыйынын уюштурабыз, ошол жактан кеңири айтам".
Акын ошондой эле абактагы жашоо анын мүнөзүн курчутуп, бышырганын айтты:
"Түзөтүү мекемесинин жашоосу мени дагы бир жолу бышырды деп эсептейм. Дагы бир жолу курчутту, дагы бир жолу бекемдеди".
Жетигенге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эки кылмыш ишин козгогон. Биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”), экинчиси - 2024-жылы 15-мартта жарыялаган видеосунан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) негизинде.
2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту аны “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси боюнча актаган. Кийинки инстанциялар бул өкүмдү күчүндө калтырган.
Ал кармалгандан кийин атайын кызматта, соттолгон соң абакта бир нече жолу кыйноого кабылганын айткан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) андай дооматты четке кагып келди.
32 жаштагы Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын, жарандык активист. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен 20дан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.
Жетиген бийликти кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган. (GE/ZKo)
Шерине