20-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16...21°, күндүз 32...37°
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12...17°, күндүз 29...34°
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22°, күндүз 32...37°
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16°, күндүз 23...28°
Нарын облусунда түнкүсүн 7...12°, күндүз 24...29°
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19...21°, күндүз 34...36° болот.
Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14...16°, күндүз 24...26° жылуу болот.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 18-августта күндүз 23,5°, ал эми 19-августта эртең менен 22° болду.