Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:04

Путин Казакстан жана Өзбекстан менен аскердик келишимдерди жаңылоодо. Максаты эмнеде, пайдасы кимге?

Шавкат Мирзиёев, Касым-Жомарт Токаев жана Владимир Путин.
Шавкат Мирзиёев, Касым-Жомарт Токаев жана Владимир Путин.

мазмуну

  • Июлдун соңунда Орусиянын президенти Владимир Путин Казакстан жана Өзбекстан менен түзүлгөн аскердик-техникалык кызматташтык келишимдерин өзгөртүү тапшырмасын берди.
  • Москва бул келишимдерди Астана менен 2013-жылы, ал эми Ташкент менен 2016-жылы түзгөн.
  • Азыркы документтер курал-жарак жана аскердик техниканы жеткирүү, аскердик багыттагы продукцияны алмашуу жана технологияларды өткөрүп берүү маселелерин жөнгө салат.

Бул документтерге кандай өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн? Эмне үчүн Орусия аларды дал ушул азыр, Украинадагы согуш күчөп жаткан маалда кайрадан карап чыгууда?

Кремль Астана жана Ташкент менен мурда түзүлгөн аскердик-техникалык кызматташуу тууралуу келишимдеринин кайсы бөлүктөрүн кайра карап жатканы так айтыла элек.

Өзбекстандын Коргоо министрлиги «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун бул тууралуу суроосуна жооп берген жок. Ал эми Казакстандын Коргоо министрлиги документтер боюнча иш аяктай электе алардын мазмунуна байланыштуу комментарий берилбей турганын билдирди.

«Ачык жарыялоого чектөө киргизилбеген маалыматтар коомчулукка мамлекеттик органдардын расмий маалыматтык ресурстары аркылуу белгиленген тартипте жеткирилет», — деп айтылды мекеменин жообунда.

Эмне үчүн азыр?

Документтерде эмне өзгөрүшү мүмкүн экенин түшүнүү үчүн Орусиядагы азыркы жагдайга көз чаптыруу зарыл. Москванын 2022-жылы Украинага каршы баштаган согушу бара-бара өз аймагына да жетип турат. Украинанын учкучсуз учактары өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы мунай иштетүүчү заводдорго жана өнөр жай объектилерине күн сайын сокку урууда.

Маркетплейстердин кампалары өрттөнүп, жарандык инфраструктура да чабуулдардын бутасына айланып жатат. Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексине мунун баары курал-жарак өндүрүү жана фронтко жеткирүү жагынан кошумча кыйынчылыктарды жаратууда. Мындан тышкары, өлкө Батыш мамлекеттеринин катаал санкциялык басымына да туш болуп турган чагы. Чектөөлөрдүн бир бөлүгү түздөн-түз аскердик-өнөр жай тармагына багытталган.

Орусия, ал тапта, дүйнөлүк курал рыногундагы позициясын жоготуп жатат. Стокгольмдогу Тынчтык көйгөйлөрүн изилдөө боюнча эл аралык институттун (SIPRI) маалыматына караганда, 2021-2025-жылдары Орусиянын курал-жарак экспорту ага чейинки беш жылдык мезгилге салыштырганда 64 пайызга кыскарган. Дүйнөлүк экспорттогу үлүшү 21 пайыздан 6,8 пайызга чейин төмөндөгөн. Бул акыркы 70 жылдан ашуун убакыттагы эң аз көрсөткүч.

Орус аскерлери кан майданга батып турган чакта Москва чет өлкөлүк курал сатып алуучуларын да жоготуп жатат. Мисалы, курал-жарактын ири импорттоочусу болгон Индия сатып алуу көлөмүн азайтып салды. Нью-Дели мындай чечимин Украинадагы согуштан улам жеткирүү үзгүлтүккө учурашы ыктымал деген жүйө менен түшүндүргөн.

Эксперттердин пикиринде, дүйнөлүк курал рыногундагы ордун жоготуп жаткан Орусия өзүнүн геосаясий таасир чөйрөсүндөгү Казакстан менен Өзбекстанды аскердик продукциясы үчүн туруктуу рынок катары карашы мүмкүн. Бирок, алардын белгилешинче, бул жерде дагы бир катар өзгөчөлүктөр бар.

Аскердик-техникалык кызматташуу тууралуу келишимдер Орусиянын продукциясын экспорттоону гана камтыбайт. Аларда импорт боюнча жоболор да каралган. Эгер согушка чейин мындай пункттар негизинен формалдуу мүнөздө болсо, азыр жагдай өзгөрүүдө. Москва коңшу өлкөлөрдө өзүнүн курал-жарак рыногун сактап калууга гана эмес, аскердик-өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө да кызыкдар болушу мүмкүн.

Өндүрүштү Борбор Азияга көчүрөбү?

Лондондо жайгашкан Central Asia Due Diligence аналитикалык уюмунун жетекчиси Алишер Илхамовдун пикиринде, жаңы документтерге ылайык, Орусия аскердик өндүрүшүнүн бир бөлүгүн Украинанын соккуларынан коргош үчүн Казакстанга жана Өзбекстанга көчүрүшү мүмкүн.

Анын айтымында, бул өлкөлөр Советтер Союзунан бери жакшыраак сакталып калган өнөр жай базасын мурастап алышкан. Мисалы, Чыгыш Казакстандагы «Семей Инжиниринг» ишканасы Т-72 танктарын кошкондо бронетехниканы тейлейт. Ошондой эле Алматы шаарында жайгашкан №405 авиациялык оңдоо заводу бар. Ал Ми-8/Ми-17 үлгүсүндөгү тик учактарды тейлейт. Өзбекстандагы Чирчик авиациялык оңдоо заводу да Ми-8/Ми-17 жана Ми-24 тик учактарын, ошондой эле Су-25 чабуулчу учактарын оңдоп, модернизациялайт.

Эксперт кошумчалагандай, Ташкент менен Астананы Батыштын санкцияларынан аскердик техника өндүрүүнү жарандык багыттагы товар чыгаруу катары көрсөтүп коргоп калуу аракети жасалышы ыктымал.

Алишер Илхамов
Алишер Илхамов

«Бул бир жагынан басым жасоо, экинчи жагынан кызыктырууга болгон аракет, тактап айтканда материалдык, экономикалык жана каржылык жактан кызыктыруу. Эки мамлекет тең өз өнөр жайын өнүктүрүү үчүн инвестицияга жана буюртмаларга муктаж. Азыр Орусиянын өзүнүн аскердик-өнөр жай комплексине караштуу ишканалары соккуга кабылып жатат, бул кошумча нарк түзүүчү өндүрүш чынжырчасынын айрым бөлүктөрүнүн үзгүлтүккө учурашына алып келүүдө. Ошондуктан бул звенолорду кандайдыр бир жол менен калыбына келтирүү керек», – деп кошумчалады Илхамов.

Анын бул пикирине Forecast International изилдөө уюмунун башкы аскердик аналитиги Дерек Бисаччо, бир чети, макул. Анын ою боюнча, келишимдерди кайра карап чыгуу зарылчылыгы Батыштын санкцияларына да байланыштуу болууда. Бул санкциялар Орусиянын аскердик өнөр жайына гана эмес, кош багытта колдонулуучу товарлардын (жарандык да, аскердик да максатта пайдаланылышы мүмкүн болгон) Орусияга жеткирилишине да багытталган.

Бисаччо өткөн жылы Москва аскердик-техникалык кызматташтык жөнүндөгү келишимин өзгөрткөн Кыргызстанды мисал келтирүүдө. Ачык булактарда ошол протокол тууралуу кыскача сүрөттөмө гана бар. Анда тараптар аскердик багыттагы продукцияны жеткирүү, оңдоо жана модернизациялоо боюнча келишимдерди даярдоо жана аткаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө макулдашканы айтылат.

Кыргызстан бул документти апрель айында ратификациялап, ошол эле айда Европа Биримдигинин экинчи даражадагы санкцияларына туш болгон. Натыйжада өлкөгө сандык программалык башкаруусу бар айрым станокторду жана радио жабдуулардын белгилүү түрлөрүн жеткирүүгө тыюу салынган.

Бисаччонун пикиринде, Орусия Казакстан жана Өзбекстан менен кызматташууда да ушуга окшош механизмдерди колдонууга аракет кылышы мүмкүн.

Дерек Бисаччо
Дерек Бисаччо

«Алар башка өлкөнүн аймагында иштетип кете алган бардык өндүрүш Украина үчүн операцияларды кыйла татаалдаштырат. Менимче, Украина өз операцияларында мурдагыдан да тайманбастык көрсөтө баштады, бирок алар Казакстандын аймагына дрон менен сокку урууну каалашпайт. Украина муну олуттуу чыңалуу катары бааламак жана украин тарап андайды каалабайт. Менимче, Орусия муну жакшы билет», – дейт Бисаччо.

Эгер эксперттердин айткандары чын болсо, анда Өзбекстан менен Казакстан экинчи даражадагы санкцияларга кабылуу жана акыркы жылдары кызматташууну ырааттуу кеңейтип келе жаткан Батыштагы өнөктөштөрү менен мамилесинин начарлашы сыяктуу кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн.

Эгер Москва аскердик өндүрүштү өз аймагынан көчүрүп келүүнү суранса Астана менен Ташкент мындай сунуштан баш тарта алабы? Айрыкча Казакстан үчүн бул суроо актуалдуу, анткени ал Өзбекстандан айырмаланып, Орусия менен ЖККУнун (Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму) алкагындагы аскердик-саясий милдеттенмелер аркылуу байланышта. Бул уюмга Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстан кирет, ал эми Армения мүчөлүгүн убактылуу токтоткон.

«Албетте, бул өлкөлөр өз эгемендигин коргоого жана аны бекемдөөгө умтулат. Бирок ошол эле учурда Москванын эркин толугу менен көз жаздымда калтырууга эч ким батынбайт. Борбор Азия өлкөлөрүнүн дүйнөлүк соода жолдоруна түз чыгуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан алардын Орусиядан экономикалык көз карандылыгы дагы эле сакталууда. Бул жагдай инвестиция агымын да татаалдаштырып, инфраструктуралык жактан аларды Орусия менен тыгыз байланышта кармап келет», – дейт Илхамов.

«Кызганыч» жана «маалымат айдыңындагы эле кеп-сөз»

Эксперттердин арасында эмне үчүн Орусия аскердик келишимдерин дал азыркы учурда кайра карап чыккысы келип жатканы тууралуу башка да божомолдор бар. Алардын пикиринде, Москва Казакстан менен Өзбекстандын Батыш өлкөлөрү, Түркия жана Кытай менен аскердик кызматташтыкты күчөтүп жатканына нааразы болушу мүмкүн.

Мисалы, Түркия Өзбекстандын армиясын модернизациялоого, кадр даярдоого көмөктөшүп, ага аскердик техника, анын ичинде учкучсуз учуучу аппараттарды сатып келет. Ал эми казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган Казакстандын аймагында Anka үлгүсүндөгү дрондорду өндүрүүнү макулдашкан. Айрым эксперттердин айтымында, бул жерде белгилүү деңгээлде «кызганыч» да болушу мүмкүн, башкача айтканда, Москвага Борбор Азия өлкөлөрү анын көзөмөлүсүз жаңы байланыштарды түзүп жатканы жакпай калышы ыктымал.

«Орусия азыркыга чейин бул өлкөлөргө көп сандагы аскердик техника сунуштап келет. Мурда түзүлгөн келишимдер Өзбекстан сыяктуу ЖККУга мүчө болбогон өлкөлөргө да техниканы салыштырмалуу ыңгайлуу баада алууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондуктан Орусиянын таасир этүүчү эч кандай мүмкүнчүлүгү жок деп айтууга болбойт. Бирок Украина менен согуш жүрүп жаткан шартта өзүнүн куралдуу күчтөрүн камсыздоо үчүн коргонуу өнөр жайын кайра курууга аргасыз болгондон кийин анын ордун башкалар ээлей баштады», – деп эсептейт Бисаччо.

Орусиялык мурдагы аскер кызматкери, «Прощай, Оружие!» аттуу орусиялык дезертирлер жана мурдагы аскер кызматкерлеринин ассоциациясынын аналитиги Алексей Альшанский жаңы келишимдерде кандайдыр бир орчундуу өзгөрүү болбойт деген пикирде. Ал аскердик-өнөр жай комплексине тиешелүү объекттерди Казакстан же Өзбекстандын аймагына көчүрүү ыктымалдыгы жок деп эсептейт. Альшанскийдин пикиринде, Орусия мындай объекттерди көбүнчө өзүнүн алыскы аймактарына, мисалы, Сибирге көчүрүүгө артыкчылык берет.

Алексей Альшанский
Алексей Альшанский

«Чын-чынына келгенде, аскердик келишимдерди кандайдыр бир өзгөртүү же кайра кол коюу деген сөздүн баары жөн гана "маалыматтык ызы-чуу. Владимир Путинге Орусия эл аралык коомчулуктан обочолонуп, чыгып калган жок, орус армиясы баарына керек жана кызыктуу дегендей түр көрсөтүү зарыл», – дейт Альшанский.

Казакстандын мурдагы аскер кызматкери жана Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын подполковниги Галымжан Садвакасовдун пикиринде, Москва менен түзүлгөн келишимдерди кайра карап чыгуу биринчи кезекте Казакстан менен Өзбекстан үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Анын айтымында, бул өлкөлөр курал-жарак сатып алууну диверсификациялоого умтулуп жатышат, анткени орусиялык технологиялар учкучсуз системалардын ролу күчөгөн азыркы согуштун талаптарына толук жооп бербей калды:

Галымжан Садвакасов
Галымжан Садвакасов

«Алар (Орусияда. — Ред.) технологиялык жактан азыр аябай эле артта калып жатышат. Ооба, Орусиянын өзүнүн "көзүрү" бар, ал үндөн да ылдам уча алуучу ракеталарга жана бешинчи муундагы авиацияга ээ. Бирок алар бул технологияларын бизге эч качан беришпейт, анткени болгон олутуу артыкчылыгы ошол. Мына ушул жерде Казакстандын алдында көйгөй жаралат: мындай шартта курал-жарак сатып алууну кантип диверсификациялоо керек? Биз аскердик техниканын тетиктери боюнча Орусиядан көз карандыбыз, бирок заманбап согушта танктар менен артиллерия көмөкчү гана роль ойноп калды. Менин оюмча, Орусиядан курал-жарак алууну азайтуу демилгеси көбүрөөк биздин өлкөлөргө таандык болууда».

Азырынча Москва, Астана жана Ташкент келишимдерде эмнени так өзгөртүүнү көздөп жатканы белгисиз. Айрым эксперттер муну Орусиянын коргонуу өнөр жайын сактап калууга жана аймактагы таасир этүү мүмкүнчүлүктөрүн жоготпоого болгон аракети катары баалап жатышат. Башкалары болсо маалымат айдыңында эле көбүртүлүп жаткан кеп-сөз деп эсептешет.

Бирок сүйлөшүүлөр кандай жыйынтыкталбасын, Казакстан менен Өзбекстан мурдагы жана жаңы өнөктөштөрдүн ортосунда тең салмактуулукту сактоого мажбур болушат.

Макаланын түп нускасы бул жерде, автору Камилла Валиева

Куржундар
XS
SM
MD
LG