Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандын жарандарына электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдар милдеттүү түрдө салыктык каттоодон өтүүгө тийиш экенин эскертти. Мекеме 19-августта билдиргендей, Салык кодексине ылайык, электрондук кызматтарга программалык камсыздоо, онлайн-оюндар, интернет тармагында жарнама жайгаштыруу, хостинг жана маалыматтарды сактоо, санариптик контентке жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана башка ушул сыяктуу кызматтар кирет.
Салык кызматы кыргызстандыктарга кызмат көрсөтүп, соода кылганы үчүн арбын киреше алып, бирок милдеттүү салыктык каттоодон өтпөгөн чет өлкөлүк уюмдардын тизмесин жарыялады. Бул 11 компанияга кыргызстандыктар жалпы 13,2 млрд сомго жакын акча которушкан.
Алардын ичинен акча которуулардын эң ири көлөмү төмөнкү компанияларга туура келген: Shanghai Xunmeng Information Technology Co., Ltd. — 8,89 млрд сом; Alibaba Group Holding Limited (1688) — 2,83 млрд сом; Microsoft Corporation — 1,01 млрд сом.
"Бул компанияларга салыктык каттоодон өтүү жана салыктык милдеттенмелерди аткаруу боюнча бир нече жолу расмий каттар жөнөтүлүп, тиешелүү түшүндүрмөлөр берилген. Тийиштүү кайрылуулар Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык каналдары аркылуу дагы жөнөтүлгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин компаниялар расмий кайрылууларга жооп бере элек. Ошол эле учурда алар өлкө аймагында салыктык каттоодон өтпөстөн ишмердүүлүгүн улантып жатышат" деп жазылган маалыматта.
Мекеме аталган компаниялар мындан ары дагы салыктык милдеттенмелерин аткарбаса алардын электрондук сервистери Кыргызстанда чектелиши ыктымалдыгын эскертти.
Салыктык каттоо vat.salyk.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт жана ошол эле учурда кошумча нарк салыгын төлөөчү катары каттоо болуп эсептелет. Каттоодон өтүү жөнүндө арыз Кыргызстандын аймагында ишкердикти баштаганга чейин берилиши керек.
19-августка карата чет өлкөлүк 73 компания салыктык каттоодон өткөн.(ZKo)