Көчмөндөр оюнуна даярдык: 22-августта Бишкекте бир катар жолдор жабылат

Жаңы стадиондун эскизи. (архив).

VI Көчмөндөр оюнунун ачылыш аземинин акыркы репетициясы өткөн күнү, 22-августта Бишкектеги айрым көчөлөрдө кыймылга чектөө киргизилет.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, репетиция "Бишкек Арена" деген аталыштагы жаңы курулган стадиондо болот. Ага байланыштуу 22-август күнү, саат 10:00дон 19:00ге чейин Токомбаев көчөсүнүн Чортеков жана Алыкулов көчөлөрү менен кесилиш аралыгы; Күйүкова көчөсүнүн Чортеков жана Муромский көчөлөрү менен кесилиш аралыгы, Эр Тайлак көчөсү Арча-Бешик жана Чортеков көчөлөрү менен; Муромский көчөсүнүн Токомбаев жана Ахунбаев көчөлөрү менен кесилиш аралыктары жабык болот.

Мэрия шаардыктарды убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.

Буга чейин да Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити жана Көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшүнө байланыштуу 30-августтан 6-сентябрга чейинки аралыкта Бишкекте, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым жолдорунда унаа кыймылына чектөө киргизилери эскертилген.

Июль айында президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов жайдын аягында жана күздүн башында борбордо өтчү саммитке байланыштуу баш калаада чектөөлөр болорун эскертип, бишкектиктерди шаардан чыга турууну суранган.

Иш-чаралардан улам жаңы окуу жылынын башталышы 15-сентябрга жылдырылган.

Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити жана өлкөнүн эгемендигинин 35 жылдыгы ушул жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өткөрүлөт. (ZKo)

Дагы караңыз

"Соту жабык өтөт". Шинжаңда камалган казак калемгеринин ишиМунай импорттоочуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселеси көтөрүлдүСалык кызматы чет элдик онлайн соода уюмдарын салык төлөөгө чакырдыПутин Казакстан жана Өзбекстан менен аскердик келишимдерди жаңылоодо. Максаты эмнеде, пайдасы кимге? "Кылмыш кылган эмесмин". Акын Аскат Жетиген абактан чыкты Фергана: Чек ара чечилди, суу маселеси турат