Орусиядан кетүү жолун издегендер көбөйгөнү айтылды

Орусиянын Грузия менен чек арасы. Иллюстрация сүрөт.

"Ковчег" укук коргоо долбооруна Орусиядан эмиграцияга кетүү маселесине байланыштуу кеп-кеңеш сурап кайрылгандар соңку үч айда болжол менен 1,5 эсе көбөйгөнүн "Эхо" медиасына курган маегинде долбоордун негиздөөчүсү Анастасия Буракова билдирди.

Консультация берүүчүлөрдүн бири Евгений Фомичев айтып бергендей, релокация тууралуу суроолор жана долбоордун катталуучулары кескин көбөйгөнү жай башталгандан бери байкалууда.

"Релокац" долбоорунун башкы редактору Александра Назарова "Осторожно, новости" басылмасына июль айынан бери Орусиядан кетүү тууралуу кеңеш сурап кайрылгандардын саны 1,7 эсе көбөйгөнүн айтты. Анын белгилешинче, көбү "сентябрь-октябрга чейин чыгып кетишим керек" деп айтышат.

Буракова айтып бергендей, көбү маалымат алып, сураштарып гана жатышат, бирок, кандай болгон күндө дагы, азыркы көрүнүштү Орусиядан эмиграциянын жаңы толкуну деп атай берсе болот. Ошол эле учурда ал жайкы эс алуу маалы болгондуктан жаңы толкундун чыныгы масштабын азырынча так айтуу дээрлик мүмкүн эместигин кошумчалады.

Орусиядан кетүүнүн негизги себеби катары өлкөдөгү жалпы абалдан кооптонууну, жаңы мобилизация жарыялоо ыктымалдыгын, Орусияда жашагандан чарчашканын, "тынч жашап, иштегиси келгенин" атап жатышат.

"Можем объяснить" долбоорунун журналисттери эсептеп чыккандай, соңку 2,5 жылда интернеттеги маалымат издөөдө "көчүп кетүү" дегендер максимумга жетип, "мобилизация" дегени бир айда үч эсе көбөйдү.

Дагы караңыз

Threads'тин колдонуучусу "бийликти күч менен кулатууга чакырык жасаган" деген шек менен кармалдыКыргызстан күйүүчү май ташып келүү боюнча төрт өлкө менен иштеп жататОрусиянын ракетасы 17 өмүрдү алды, 40тан ашууну жарадар. Киев аза күтүүдө