Мамлекеттик “Кылым банк” ачык акционердик коому Финансы министрлигинен Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жарлыкта мындай чечим банктын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынганы айтылат.
100% үлүшү мамлекетке таандык болгон “Кылым банкы” Министрлер кабинетинин токтому менен ушул жылдын январь айында түзүлгөн. Башта банктын уставдык капиталы 1 миллиард сом болуп, 2027-жылга чейин 5 миллиард сомго жеткирүү планы коюлган.
Акыркы жылдары Президенттин иш башкармалыгына бир катар мамлекеттик мекемелер менен кызматтар өттү. Кыргызстан эгемендик алган жылдары Президенттин иш башкармалыгы мамлекет башчынын ишин камсыздоо үчүн уюшулган. Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 2021-жылдан тарта башкармалык президентти, өкмөттү жана парламентти да тейлей баштаган.
Беш жылда башкармалыкка “Мамлекеттик ипотекалык компания”, “Учкун” басмаканасы, “Унаа” ишканасы, “Кызмат” ишканасы, “ЭлКат” компаниясы жана башка мекемелер берилди. Ушул жылдын апрель айында эле Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жоюлуп, Президенттин иш башкармалыгына кошулган.
“Азаттык” бул боюнча атайын программа даярдап, Президенттин башкармалыгы 4 резиденцияны, 5 мекемени, 3 кызмат-сервисти, 2 дирекцияны, 5 компанияны, 7 ишкананы, 2 бала бакчаны, 7 эс алуу жайды түздөн-түз башкарып жатканын көрсөткөн. (BTo)