21-августка караган түнкү чабуулдардын кесепетинен Украинанын Запорожье облусунда башкарылуучу авиабомба турак жайга тийип, 46 жаштагы аял каза болду. Дагы бир нече адам жаракат алды.
Харьков облусундагы Лебяжье айылына жасалган дрон чабуулунан эки киши набыт болгону кабарланды.
Сумы шаарында Орусиянын дрон чабуулунан жабыркагандардын саны алты адамга жетти, арасында 16 жаштагы кыз дагы бар. Жергиликтүү бийлик эки кабаттуу үй олуттуу зыян тартканын билдирди.
Украинанын абадан коргонуу күчтөрү Орусия 135 түрдүү үлгүдөгү дрон учурганын, алардын 107си атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Украин тараптын билдиришинче, 27 сокку уруучу дрон 16 жерде бутага жеткен.
Ал тапта Орусияда Пермь шаарындагы «Лукойл-Пермнефтеоргсинтез» (ПНОС) мунай иштетүүчү заводуна сокку урулганын украин тарап билдирди. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы кабарлагандай, 21-августка караган түнкү чабуулдан кийин ишкананын аймагында өрт чыккан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский да украин аскерлери мамлекеттик чек арадан 1600 чакырымдан ашык аралыктагы бутага жетишкенин жазды, бирок заводдун атын атаган жок.
Пермь крайынын губернатору Дмитрий Махонин аймактагы “өнөр жай объектиси” жабыркаганын билдиргени менен кайсы ишкана экенин тактаган жок. Мониторинг жүргүзгөн Телеграм каналдар сокку дал ушул «Лукойлдун» мунай иштетүүчү заводуна тийгенин жазышты. Бул ишкана буга чейин дрон менен аткыланган.
Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде өлкөнүн ар кайсы аймактарында украин тарап учурган 325 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, дрондор Пермь крайынан тышкары Москва облусунда, Белгород, Курск, Брянск, Ростов жана башка аймактарда жок кылынды.
Орусия менен Украина бири-биринин аймагындагы аскердик жана энергетикалык объектилерге аба чабуулдарын улантып келет. Бирок соккулар тууралуу билдирүүлөрдү көп учурда көз каранды эмес булактар аркылуу ырастоо мүмкүн болбойт.