Манас шаарында курулушка бөлүнгөн акча кайра эсептелип чыкты

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев курулуш иштерин текшерүүдө.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Манас шаарында мамлекеттин эсебинен курулуп жаткан объектилердин каражат маселесин текшерип, үч ири социалдык объекттен жалпы 1 млрд сом үнөмдөлгөнүн билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, шаарда 5200 орундуу спорт сарайы башында 3 млрд сомдон ашык деп эсептелген болсо, мындан 443 миллион, президенттик “Акылман” лицейи 2,1 млрд сомго курула турган болсо, мындан 449 миллион, ал эми 7 кабаттуу облустук клиникалык ооруканага делген каражаттан 79,5 миллион сом кыскартылды. Оорукана башындагы долбоор боюнча 1,5 млрд сомго курулары пландалган.

“Мындай ири объекттерде сметалык эсептерди кылдат текшерүү маанилүү. Ар бир сомдун максаттуу жана үнөмдүү пайдаланылышы көзөмөлдө болушу керек. Бул жерде негизги максат курулуштун сапатын төмөндөтпөстөн, чыгымды оптималдаштыруу. Мамлекеттик каражат үнөмдүү пайдаланылып, ошол эле учурда объекттердин сапаты жана функционалдуулугу сакталууга тийиш”, - деп белгиледи министр Нурдан Орунтаев. Бул аптада ал өлкөнүн түштүгүн кыдырып, президенттин тапшырмасына ылайык текшерүү жүргүзүп жатканы маалымдалган.

Дагы караңыз

Орусиянын Геленжик шаарында бензин таптакыр түгөнгөнү кабарландыОрусияда Ozon компаниясынын логистикалык борборуна сокку урулдуУкраинада аба чабуулунан үч өмүр кыйылды, Орусияда мунай заводу зыянга учурадыУкраинада ракета жана дрон соккуларынан кеминде 18 адам каза болду