Оштогу "снос": Мэрия жыл аягына чейин 500 үйдүн курулушун аяктайт

Ош шаары.

Ош мэриясы үйү жергиликтүү администрациянын чечими менен буздурулган тургундардын 500үн кышка чейин турак жай менен камсыз кыларын билдирди. Алардын 50сүнө үйдүн ачкычы сентябрь айынын этегине чейин тапшырылат деп пландалууда.

Бул тууралуу шаар башчысы Жанарбек Акаев 21-августта Эне-Сай конушундагы курулуш иштери менен таанышып жатып билдирди.

Бүткөн үйлөргө биринчи кезекте Ош көчөсүндөгү жана башка жерлердеги үйү буздурулган жарандар көчүп кирери айтылды.

Ош шаарында Манас-Ата аймактык башкармалыгына караштуу Ош көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери быйыл жаз айларында башталган. Анда айрым жарандардын үйлөрү алынып, кенемте катары башка үй берүү макулдашылган.

Ошто жолдорду кеңейтүү жана канал жээгине салынып калган курулуштарды бузуу иштери мурунку мэр Жеңишбек Токторбаевдин учурунда башталган. Турак жайы буздурулгандарга шаардын түндүк-батыш тарабынан жер бөлүнүп, Эне-Сай конушу салынып баштаган.

Дагы караңыз

"Threads'теги жазганы үчүн". Атайын кызмат эки кишини камадыОрусиянын Геленжик шаарында бензин таптакыр түгөнгөнү кабарландыОрусияда Ozon компаниясынын логистикалык борборуна сокку урулдуУкраинада аба чабуулунан үч өмүр кыйылды, Орусияда мунай заводу зыянга учурады