Кыргызстанда өкмөт бааларды турукташтырууга жана инфляцияны ооздуктоого 35 млрд сомдон ашуун каражат бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу 21-августта "Азаттыкка" Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.
Анын айтымында, 2026–2027-жылдарга товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын турукташтыруу боюнча иш-чаралар планынын концепциясы кабыл алынды:
“Инфляциядан эң эле көп күч келгени, бул, азык-түлүк тармагы. Ошого карата программанын концепциясын кабыл алдык, жакын арада Министрлер кабинетинин төрагасы кол коёт. Негизи 35 млрд сом, бааларды турукташтырууга өзүнчө программа каралган. Биринчи жолу ушундай программа иштелип чыгып жатат. Министрликтердин жоопкерчилиги конкреттүү түрдө каралган. Анын ичинде эт азыктарына жок дегенде 20 миң баш "откормго", алардын тоютун субсидиялоо. Андан тышкары, тоок эти менен камсыздоо программасы да кирди. Фермерлердин жашылча-жемиш өндүрүүсүнө (мисалы, картошка, сабиз, пияз жана бакчалык), тамчылатып сугарууга да субсидия берилет. Ошол субсидиялардын алкагында аларды сактоо жана туруктуу камсыздоого багытталган логистикалык борборлор курулат”.
Улуттук банк июль айынын аягында эсептик ченди 12% деңгээлинде калтырган. Өлкөнүн негизги банкы дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу, Жакынкы Чыгышта абалдын курчушу Кыргызстандагы инфляциялык процесстерге таасирин тийгизүүнү улантып жатканын, дүйнөлүк мунай рыногундагы баанын өсүшү өлкөгө импорттолуучу товарлардын кымбатташына алып келгенин билдирген.
2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда инфляция 6,5% түздү (жылдык мааниде 11,3%).