Орусия элинин 60% ашууну Украина менен согуш бүтүшүн каалайт деген пикирин украин президенти Владимир Зеленский журналисттерге билдирди.
Ал муну эң ириде Украинанын Орусиянын тылына, анын ичинде Wildberries компаниясынын кампаларына урган соккуларына байланыштырып, Киев мындай операциялардын орус коомчулугуна таасирин байкап келе жатканын кошумчалады.
"Орусияда согуш аякташын каалагандар көп. Алар согуш "жөн эле бүтсө" деп айтышат", - деди Зеленский.
Украин президенти буга Мамлекеттик Думага шайлоодон "Яблоко" партиясынын четтетилиши далил боло аларын белгиледи. Зеленскийдин пикирине караганда, Кремль согушту токтотууну шайлоо программасына киргизген жалгыз "Яблоко" 4% ашпаган добуш алат деп ойлогон, бирок сурамжылоолор партия 11-12% ашып, ал эми "Единая Россиянын" рейтинги төмөндөп жатканын көрсөткөн.
Ал маалыматтын булагы тууралуу айткан жок. "Агентство " жана "Вёрстка" басылмалары жабык жүргүзүлгөн сурамжылоого шилтеме кылып, "Яблоконун" рейтинги өскөнүн, партия 5% босогону ашып өтүүсү ыктымалдыгын жазышкан.
Көз карандысыз "Левада-Центр" жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 62% согуштук аракеттер тынч сүйлөшүүлөрдө уланышын кубатташкан. Ошол эле учурда алар орус аскерлерин колдоп, согуш үчүн Украинаны айыпташат. Тынч сүйлөшүүлөрдү колдогондор көбөйгөнүн Russian Field жүргүзгөн сурамжылоо да көрсөткөн. Согуш шартында жана цензура күч алган Орусияда көз карандысыз сурамжылоо жүргүзүү кыйын.
"Яблоко" партиясы Мамдумага шайлоого катталып, бирок "Родина" партиясынын доо арызынан кийин Жогорку соттун чечими менен шайлоого катышуудан четтетилген. Добуш берүү тизмесинде калган 10 партия кандайдыр бир деңгээлде согушту кубаттаган партиялар.
Орусия Украинага каршы согушту 2022-жылы, 24-февралда баштаган. Ошондон бери эки тараптан тең согушта аскерлерден тышкары миңдеген жай тургундар да набыт болушту.