Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бийлик экинчи атомдук электр станциясын (АЭС) куруу долбоорун даярдап жатканын биринчи жолу ачык билдирди. Ал бул тууралуу Хорезм облусунда жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү аземинде айтканын Gazeta.uz жазды.
Мирзиёевдин айтымында, атом энергетикасын өнүктүрүү инвесторлорду электр энергиясы менен кепилденген түрдө камсыз кылуу жана анын баасын төмөндөтүү үчүн зарыл.
"Бүгүн сиздерге сыр катары айтайын: жакынкы убакта биз экинчи станция боюнча да чоң даярдык иштерин жүргүзүп жатабыз", — деди Мирзиёев.
Азырынча Өзбекстандын бийлиги экинчи АЭС кайсы жерде курулушу мүмкүн экенин, анын кубаттуулугу канча болорун жана долбоорду качан ишке ашыруу пландалып жатканын ачыктаган жок.
Президент жаңы энергетикалык долбоорлорду өлкөнүн экономикалык максаттары менен байланыштырды. Анын айтымында, инвесторлор биринчи кезекте электр энергиясынын баасына жана аны туруктуу жеткирүү кепилдигине кызыгышат. Эгер 2030-жылга чейинки энергетикалык стратегия аткарылбаса, Өзбекстан инвестициялык жагымдуулугун жоготуп коюшу мүмкүн.
Экинчи атомдук станция тууралуу билдирүү Өзбекстанда биринчи АЭСтин курулушу жүрүп жаткан учурда жасалды. Биринчи станция Жизак облусунун Фориш районунда курулууда. Долбоордун башкы подрядчысы - "Росатомдун" "Атомстройэкспорт" компаниясы.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Орусиянын президенти Владимир Путин биринчи АЭСтин курулушун 2026-жылдын 4-июнунда расмий башташкан.
Биринчи станция аралаш схема боюнча курулуп, анда төрт энергоблок болот: ар бири 1 ГВт кубаттуулуктагы эки ири реактор жана 55 МВттан болгон эки чакан модулдук реактор. Станциянын жалпы кубаттуулугу 2,1 ГВт болуп, жылына болжол менен 17 миллиард кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө.
Чакан реакторлордун бирин техникалык ишке киргизүү 2029-жылдын октябрь–ноябрь айларына, экинчисин алты айдан кийин ишке киргизүү пландалууда. Биринчи ири энергоблокту 2033-жылы пайдаланууга берүү, ал эми станциянын курулушун толугу менен 2034–2035-жылдары аяктоо каралган.
Долбоордун негизги баасы 9,5 миллиард доллардан ашпайт деп бааланууда. Ташкент каржылоонун негизги бөлүгүн насыялардын эсебинен тартууну көздөйт. Анын ичинде Орусиянын жеңилдетилген экспорттук насыясы да бар.
АЭС куруу долбооруна карата пикирлер ар түрдүү. Долбоорду колдогондор атом энергетикасы Өзбекстанды көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын азайтуу менен туруктуу электр энергиясы менен камсыздай турганын белгилешет.
Ал эми сындагандар долбоордун кымбаттыгын белгилеп, Орусиянын өзөктүк отунуна жана технологияларына узак мөөнөттүү көз карандылык жаралышы ыктымалдыгына, ошондой эле аймактагы сейсмикалык тобокелдиктерге тынчсызданышууда.
2026-жылдын май айында Москва Казакстан менен өлкөдө биринчи АЭСти куруу боюнча кызматташуу тууралуу келишимге кол койгон.
Буга чейин орусиялык компаниялар Кыргызстанда да чакан атомдук станция курууга кызыкдар экенин билдиришкен.