Орусия өкмөтү дизель отунун сыртка экспорттоого салынган тыюунун мөөнөтүн узартууну караштырып жатканын Reuters бул тармактагы үч булактын маалыматына таянып жазды. Мунун себеби Орусиянын аймагындагы мунайды кайра иштетүүчү ишканалар бутага алынып жаткандыктан жаралган таңкыстык экени кабарланууда.
"Коммерсант" билдиргенине караганда, Орусиянын кара май тармагын тейлеген бирлиги да ушундай өтүнүчүн келтирген. Басылма жазгандай, аталган бирликтин өкүлдөрү вице-премьер Александр Новакка кайрылышкан.
Өткөн жумада Новак өкмөт дизель отунун экспорттоого киргизилген тыюуну алып салуу боюнча азырынча чечим кабыл ала электигин айткан. Ошондой эле ал өлкөнүн ички рыногунда дизель майынын тартыштыгы жок экенин билдирген.
Дизель отунун экспорттоого чектөө Орусияда 1-сентябрга чейинки мөөнөткө киргизилген.
Ага чейин, апрель айында бензинди экспорттоого толук тыюу салынган. Бийлик бул чечимди суроо-талап күчөгөн мезгилде ички рынокто күйүүчү май тартыштыгын алдын алуу зарылдыгы менен түшүндүргөн. Ал эми июнь айында орус өкмөтү өлкөдөн авиациялык керосинди чыгарууга да тыюу киргизген.
Кыргызстандагы күйүүчү майдын негизги бөлүгү Орусиядан импорттолуп келген. Соңку жагдайдан улам өкмөт өлкөнү кара май менен камсыздоонун башка жолдорун издеп, Кытай, Беларус, Азербайжан жана Өзбекстан менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.