АКШ: Башпаанек сураган 200 миң кишинин визасы текшерилет

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

АКШда башпаанек сураган 200 миңдей чет өлкөлүктүн туристтик жана бизнес визасы жокко чыгарылышы мүмкүн. Президент Трамптын администрациясы мындай чараны жакынкы апталарда жарыялоого даярданып жатканын "Ассошейтед" пресс агенттиги өз булактарына таянып кабарлады. Муну менен катар Ак үй чет өлкөлүк адистерге багытталган H-1B программасынын талаптарын катаалдатууда. Трамп муну америкалыктар үчүн жумуш орундарын коргоо деп түшүндүрөт.