Чоң-Алайдагы Корумду чокусунда жоголгон альпинисттердин экөөнүн сөөгү 25-августта тик учак менен тоодон түшүрүлүп, Ош шаарына өлүкканага жеткирилди. Бул тууралуу куткаруу тобу кабарлап, үчүнчү альпинистти издөө иштери убактылуу токтотулганын билдирди.
Маалыматка ылайык, сөөгү табылган адамдардын тек-жайы азырынча тактала элек. 27-августта альпинисттердин жакындары сөөктү таануу үчүн барышат.
43 жаштагы Максим Полянский жана 60 жаштагы Николай Свиридов аттуу эки беларус жана 37 жаштагы литвалык Сергей Рубцов 1-августта 6613 метрлик Корумду чокусуна чыккан. Алар 2-августта тоодон түшүүгө даяр экенин, 4-августта белгиленген жерде болорун билдирип кабар беришкен. Бирок бул датада белгиленген жерде күткөн айдоочу аларды жолуктура алган эмес.
Корумду чокусу - Памир-Алай тоо системасынын Чоң-Алай кырка тоосунун чыгыш бөлүгүндө жайгашкан, бийиктиги 6613 метрге жетет. Альпинисттер Кыргызстандын чокуларында дайынсыз болгон же каза тапкан окуялар буга чейин да катталган.
2025-жылы августта Жеңиш чокусунда орусиялык альпинист Наталья Наговицина жана италиялык Лука Синигалья каза болгон. Андан тышкары, ирандык альпинисттер Марьям Пилехвари менен Хасан Сейфоллах чокудан түшүп келатып дайынсыз жоголгон. (BTo)